Укуктук документтер
Өнүгүү программасы
“Кут Билим” Ысык-Көл Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси” мекемесинин “Өнүгүү программасы” (2021-2024-жж)
Программанын укуктук-нормативдик камсыздалышы
“Кут билим”окуу-тарбия комплексиниин Өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына, Баланын укуктары жөнүндөгү Конвенцияга ылайык иштелип чыккан.
Мекеменин тарыхый маалымдамасы
«Кут билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси 2016-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия берилип, ЖИА (жаш ишкерлер ассоциациясы) мүчөлөрүнүн колдоосу менен 2014-жылы ачылып, дүйнөлүк стандартка туура келген таланттуу жаштарды тарбиялоо үчүн шарт түзүү максатында жана чет өлкөлөрдө жогорку окуу жайларында окутуу үчүн ачылган.
2014-жылдан баштап “Кут Билим” Ысык-Көл ОТК алгач Ысык-Көл районундагы Чоц-Сары- Ой айылындагы интернаттын имаратында иш жүргүзүп келген. Имарат интернат тибиндеги жатакана жана окуу корпусуна реконструкцияланган. 2016- жылы 3 кабат жер төлөсү менен 250 орундуу жалпы аянты 1854 м.2, 2 кабаттуу жатакана 1708 м2 жана 319м2 ашкана имараты менен жалпы аймагы 15000 м2 жерде Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында Манас көчөсү 72 дарегине көчүрүлгөн.
2016 - жылы сентябрь айында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектеп ачылган.
Лицей 7- класстан 11- класска чейин кыргыз тилинде окутулуучу эркек блдарды окутууну ишке ашырат. Кабыл алуу 2 турдуу сынактын натыйжасында ишке ашат.
2019 - жылдан бери лицейди 98 окуучу бүтүрдү. ОРТ жыйынтыгы боюнча жыл сайын окуучулар жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө.
Окутуу- тарбиялоо процессинин өзгөчөлүгү төмөнкүдөй маанилүү компоненттерди камтыйт: аймактык, интернаттык, психологиялык, эстетикалык, ден соолукту чьщдоочу. Мектепте окуу жана жашоо менен окуучулар студенттик жашоого оцтойлуу, ЖОЖдо окууга психологиялык жана кесиптиктик адаптациядан өтүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
“Кут Билим” Ысык-Кол ОТКсынын окуу программалары мамлекеттик стандартка жана гимназиялык компонентке шайкеш келип, англис тилин жана араб тилин окутууга,окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн, профилдик таанып- билүүчүлүк кызыкчылыктарын, изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого багытталат.
Өзгөчө көңүл адеп-ахлактык өнүгүүнү,маданияттуулукту жана дүйнө таанымдарды калыптандыруучу предметтерди окутууга бөлүнөт.Бул акыркы жылдарда коомдо калыптанган социалдык заказ менен түшүндүрүлөт.
Мамлекет өлкөнүн билим берүү системасынын алдына төмөнкүдөй милдеттерди коюуда:
- сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү;
- окутууга компетенттүүлүк мамиленин киргизилиши;
- тилдик жана маданияттык ар түрдүүлүктүн сакталышы жана көп тилдүү билим берүү чөйрөсүндөгү толеранттуулук;
- турмуш жолунда үзгүлтүксүз билим алуу үчүн шарттарды түзүү; социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;
Окуучулардын ата-энелери бүтүрүүчүлөрдөн төмөндөгүлөрдү күтөт :
- кесиптер дүйнөсүндө багыт ала билишин;
- республиканын жана чет өлкөлөрдүн ЖОЖдоруна өтүүдө, жетишкендиктеринин жыйынтыгы болуп эсептелген ЖРТда ( жалпы жана предметтик)негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн негизинде конкурентке жөндөмдүү болушун;
- 3-4 тилди: кыргыз тилин (мамлекеттик тил),орус тилин (расмий тил), англис тилин жана араб тилин билишин;
Жогорку билим берүү системасы төмөндөгүлөргө артыкчылык берет:
- социалдык демилгелерге даярдыгы бар, атуулдук баалуулуктарды аңдап билген,жаш адамдын жеке реализациясы;
- реалдуу социалдык окуяларга жана кырдаалдарга сабаттуу баа бере билүү даярдыгы;
- ар башка маданияттардын, тилдердин, конфессиялардын өкүлдөрү менен байланыш түзө билүүсү, башка маданияттарга, диндерге, салттарга толеранттуу мамилеси;
- маалымат менен активдүү иштөө билгичтиги, маалымат издөө ыкмаларына ээ болушу, ар кандай булактар иштее, илимий тексттер менен иштөө тажрыйбасынын болушу;
- теориялык билимдердин формасында иштее даярдыгы, билимдерди окуучунун жеке жана социалдык проблемаларына байланышкан милдеттерди чечүүгө багытоо;
Коомдук уюмдардын өкүлдөрү граждандык коомду өнүктүрүүгө кызыкдар жана ЖОЖдор сыяктуу эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн төмөнкүлөрдү көрүүнү каалашат:
- реалдуу социалдык окуяларга жана кырдаалдарга сабаттуу баа бере билүү даярдыгын;
- социалдык позитивдүү демилгелерге даярдыгы, жаш адамдын өзүн өзү реализациялоого атуулдук баалуулуктарды аңдап билүү даярдыгын;
- ар башка маданияттардын, тилдердин, конфессиялардын өкүлдөрү менен байланыш түзө билүүгө, башка маданияттарга, диндерге, салттарга толеранттуу мамилеге даярдыгын ;
Иш берүүчүлөр үчүн ( 2016 -жылы өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык ) кызматка талапкерлерди тандоодо төмөнкүлөргө артыкчылык берилет:
- кесиптик алкактагы бил ими;
- билимдердин практикада колдоно билүүдө өзүнө ишенимдүүлүгү;
- оз алдынча иштее жана сапаттуу жыйынтыкка жете билүү билгичтиги;
- проблемаларды чечүү үчүн сынчыл ойломду колдоно билүү билгичтиги;
- чечимдерди кабыл ала билүү билгичтиги;
-инновацияларды жарата билүүсү;
-2-3 тилди колдонуусу;
Ушул эле милдеттер “Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын билим берүү процессинин бардык катышуучулары (мугалимдер, окуучулар, жана алардын ата- энелери, кошумча билим берүүнүн мугалимдери) үчүн да актуалдуу болуп эсептелет”Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсы билим берүү процессиидеги бардык субьекттердин жекече өсүшүнө зарыл шарттар түзүлгөн. Окуучулар ар кандай проекттердин алкагында, ЖОЖдордун мугалимдери сабак берген предметтик олимпиадалардын мектебинде олуттуу илимий ишмердүүлүккө тартылышат.Бүтүрүүчүлөр билим алууну республиканын жана чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда улантышат. Лицей окуучулары маданияттардын байланышына, каада- салттарды таанып билүүгө, тилди билүүгө кайрымдуулукка,толеранттуулукка багытталган ар кандай коллективдүү иш -чараларды жана акцияларды уюштурушат.
“Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын өнүгүү программасынын негизги жоболору.
“Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын өнүгүү процесси мындан ары да конкурентке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жеткиликтүү сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуучу, окуучулардын билим алуучулук ар кандай керектөөлөрүн камсыз кылуучу, окуучулардын ден соолугун сактоочу жана чындоочу билим берүү мейкиндигин түзүү аракетин көрүүну улантат. Ошол эле убакта “Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын өнүгүүсү буга чейинки калыптангандарды бузбастан, анын баалуулук системасына, салттуулугуна жана жетишкендиктерине шайкештикте ишке ашырылат.
“Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын миссиясы: Билимдүү, толеранттуу, көп кырдуу маданиятуу, коомдун активдүү мүчелөрүн даярдап чыгаруу”
Окуучулардын чыгармачылык, таанып - билүүчүлүк жөндөмдүүлүгүн өстүрүү аркылуу инсандык сапаттарга тарбиялоо, негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу жана жалпы билим берүүчү программалардын мамлекеттик стандарттарга ылайык сапаттуу өздөштүрүлүшүн камсыздоо.
Милдеттери:
- Окуучуларда негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандырууну өнүктүрүүнүн негизинде окуучулардын сүйлөө жана мамиле түзүү маданиятын өркүндөтүү;
- Улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде адеп- ахлактуу жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана компетенттүү атуулду тарбиялоо;
- Илимий-методикалык иштерге жанылык киргизүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу менен бирге мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу;
- Окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн комфорттук чөйрөнү түзүү;
Окутуу-тарбиялоо ишмердүүлүгүн максаттуу жүргүзүүдө педагогикалык процесстин бардык субъекттери үчүн төмөнкү баалуулук мамилелер негизги болуп эсептелет:
- Бири-бирине терец ишеним жана урматтоо;
Кызматташтык жана колдоо көрсөтүү;
Психологиялык комфорттук шарттарды түзүү;
- Түшүнүүчүлүк жана ачык-айкындык.
- Дүйнөлүк коомчулукка кошулуунун шарттары катары көп тилдерди жана маалыматтык- компьютердик- технологияны өздөштүргөн;
- Өзүнүн шыгына, жөндөмүнө, тандоосуна жараша кесиптик билим алууга даяр болгон терең билимге ээ, жеке өнүгүү жолдорун аныктай алган, адамзаттын дүйнөлүк баалуулук- тарын кабыл алууга даяр;
- Өзгөрмөлүү турмуш жолунда үзгүлтүксүз билим алууну уланткан, интеллектуалдуу;
- Социалдык ар кандай компетенттүүлүктөргө ээ, адеп-ахлактуу, маданияттуу инсан.
Негизги мектептин бүтүрүучүсунун модели.
Негизги мектептин бүтүрүүчүсү - билим алууну улантууга туруктуу мотивациясы бар, ишмердүүлүктун ар кандай сферасындагы проблемалрды өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү, адеп- ахлактык, атуулдук жана дүйнө таанымдык позицияга ээ,интеллектуалдык өнүккөн инсан.
Орто мектептин бүтүрүүчүсүнүн модели.
“Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын бүтүрүүчүсү- келечекте жана жалпы адамзаттык баалуулуктары өнүккөн конструктивдүү мамиле кылган жогору интеллектуалдуу, активдүү, демилгелүү ишмердүүлүккө даяр, конкурентке жөндөмдүү, жогорку профессионалдык билим алууга туруктуу продуктивдүү мотивациясы бар инсан.
Иштин багыттары:
жацы мамлекеттик стандартка ылайык билим берүунүн мазмунун жана стуктурасын жацыртуу;
окуучулардын сапаттуу билим алышына кызыкдар болгон жацы потенциалдык партнерлорду издөө;
Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү идеологиясын түшүнүү үчүн лицейлердин окуучуларын проекттик ишмердүүлүктүн тажрыйбасына тартуу;
Мектептин окуучуларынын ден -соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн шарттар менен камсыздоо;
коомдук институттардын катышын өркүндөтүү (ата- энелер кеңеши.бүтүрүүчүлөр кеңеши,демөөрчүлөр кеңеши);
лицейлердин материалдык -техникалык базасын чындоо.
Негизге алынуучу принциптер:
негизги жана кошумча билим берүүнүн мазмунунда жана структурасында вариативдүүлүгү;
билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү;
окуучулардын өнүгүүсүндө лицейдин сырткы жана ички мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу колдонуу;
ден соолукту сактоо;
баланын өсүшү жана жашоо ишмердүүлүк чөйрөсүн тумандаштыруу.
Вариативдүү мамиле окуучулар үчүн да,мугалимдер үчүн да тандоо мүмкүнчүлүгүн берет; бардык окуучулар үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыздайт.
Үзгүлтүксүз билим берүү бир эле убакта тигил же бул билимдерге ээ болуу ошондой эле негизги жана кошумча билим берүүнүн өз ара таасири аркылуу маданиятка аралашуу.Үзгүлтүксүз билим берүүнүн принциптери билим берүүнүн бардык баскычтарынын улантуучулук өз ара байланышын , уюштуруучулук жана мазмундук бүтүндүгүн камсыз кылып, коомдун жана жеке адамдын перспектидүү жана актуалдуу талаптарын эске алуу менен окутуу жана тарбиялоонун маселелерин бирдиктүү жана багыттуу чечилишин көздөйт.
Мектептин сырткы жана ички мүмкүнчүлүктөрүн окуучулардын өнүгүүсүнө максималдуу колдонуу алардын калыптанышын жана өз алдынча өнүгүүсүн(ички потенциалынын ) жана өзүн өзү реализациялоого даярдыгын камсыз кылат.Коомчулукту жана социалдык өнөктөштөрдү тартуу окуучулардын активдүү социалдык ишмердүүлүктөрүн уюштурууга жана билим берүүнүн мазмунун кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.
Ден соолукту сактоо,башкача айтканда, ден соолукка сабаттуу камкордук көрүү билим берүү процессинин зарыл шарттарынан болуп эсептелет. Мектепте ден соолукту сактоо мейкиндигинин калыптанышы билим берүү процессинин бардык катышуучуларына ден соолукту сактоо жана чыцдоо маселелерин тана эмес ден соолук маданиятына тарбиялоону биргелешип чечүүгө да мүмкүнчүлүк берет.
Гумандаштыруу принциби ишмердүүлүктүн чыгармачылык көп түрдүүлүгүнө каныккан маданий -эстетикалык чөйрөнү түзүү аркылууинсандын эмоционалдык -баалуулук, адеп- ахлактык багытына негизделген дүйнөгө, өзүнө , коомго мамилелер системасын калыптандырууну камтыйт.
Билим берүү системасынын негизги элементтеринин өзгөртүлүшү.
- Мектептке кабыл алуу системасы “Кабыл алуу жөнүндөгү” Жобого ылайык, алтынчы класстардын окуучуларын бланкалык тестирлөөнүн негизинде мектепте ишмердүүлүк жүргүзгөн жылдар ичинде калыптанган. Окуучунун жеке рейтинги , анын аралык жетишкендиктери чейректик предмет боюнча тестирлое менен аныкталат.Бул тажрыйбаны жаңы элементтерди киргизүү менен өркүндөтүп сактап калуу зарыл.
- Программалык-методикалык камсыздоонун модернизацияланышына негизделген билим берүү процессинин мазмунун жакшыртууда окутуунун формаларын жана программанын жаңы талаптарына жооп берүүчү заманбап технолгиялар да эске алынышы зарыл.
Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүсүнун мамлекеттик билим берүү стандарты компетенттүү- ишмердүүлүк мамилени приоритеттүү багыт катары аныктайт.Демек, билим берүүчүлүк технологияларды өркүндөтүүдөгү милдеттердин бири компетенттүү-ишмердүүлүк мамиленин теориялык негиздерин окуп үйрөнүү (ПК курстары, оз билимин өркундөтүү) жана бул технологияны окуу процессине киргизүү болуп эсептелет. Демек, билим берүүнун технологияларын жакшыртуудагы негизги милдет болуп компетенттик-ишмердүүлүк мамилени теориялык үйрөнүү (ПК курстары, оз билимин өркүндөтүү ж.б) жана аны окуу процессине киргизүү эсептелет. Окутуунун метод жана формаларын өзгөртүүдө өзгөчө көңүл проекттик ишмердүүлүккө, сабактагы жана сабактан тышкаркы учурдагы практикалык сабактарга жана лабораториялык иштерге бурулушу керек.
Окутуу процессине МКТны киргизүүнү, окуу кабинеттерин компьютерлер жана бардык зарыл керектүү техникалык мультимедиялык каражаттар менен жабдууну улантуу керек.
Зээндүү балдар үчун окуу процессинде жекече мамиле кылуу боюнча иштер күчөтүлүшү керек. МКТны колдонуунун тажрыйбаларын системалаштыруу педагогикалык коллективдердин негизги иш багыттарынын бирине айланышы зарыл.
- Негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн калыптаныш денгээлин көзөмөлгө алуунун методдорун өркүндөтүү окуучулардын практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча мамлекттик стандарттын талаптарына ылайык аныкталат. Көзөмөлдөөнүн метооддорун жана формаларын модернизациялоо негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталат.
- Мугалимдер менен методикалык иштерди алып баруунун системасы инновациялык ишмердүүлүккө максаттуу багытты, чыгармачылык потенциалды өнүктүрүүнү, окутуу процессинде жана анын мазмунунда дисциплиналар аралык мамилени камсыз кылышы керек.Педколлектив менен болгон методикалык иштердин системасындагы комплекстүү- максаттуу проекттер мугалимдерди жаңы билимдерди алууга, окутуунун жаңы эффективдүү технологияларын изденүүгө жана сыноодон өткөрүүгө стимулдаштырат.Бул окуучуларга да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Проекттик метод контексттик окутуу, тажрыйбанын негизинде окутуу,командада окутуу методдорун ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Негизги компетенттүүлүктөр, коллективдин мүчөлөрү арасында функцияларды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү тажрыйбасы өнүгөт.
Конкурстар, олимпиадалар- окуучуларды келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоонун эффективдүү формасы. Жаңы киргизүүлөрдү иштеп чыгуу жана сыноодон өткөрүү, андан кийин топтолгон тажрыйбаны нускалоо (семинарларды, конференцияларды уюштуруудан, методикалык жана окуу материалдарын чыгаруудан башка) жана тармактык өз ара ишмердикти кеңейтүү максатында илимий-методикалык борборду өнүктүрүү зарыл.
- ““Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын материалдык-техникалык базасын чындоо мектеп китепканасынын жана кабинеттердин окуулуктар жана компьютердик каражаттар менен камсыздоого,интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнүн арттырылышына, педагогикалык жана административдик кадрларды кайра даярдоо боюнча административдик-локалдык тармактын түзүлүшүнө багытталышы керек.
Тарбиялык системаны өнүктүрүү.
Максаты:
Кыргыз Республикасынын бийик адеп-ахлактуу, жоопкерчиликтүү, демилгечил жана компетенттүү атуулун тарбиялоо жана анын калыптануусун социалдык -педагогикалык жактан колдоо.Конкуренттүүлүккө жөндөмдүү, ар кандай ишмердүүлүк сферасында проблемаларды өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү, адеп-ахлактык , дүйнө таанымдык жана атуулдук позициясы бар,келечекке жана адамзаттык баалуулуктарга конструктивдик мамилеси калыптанган инсанды тарбиялоо.
Ишмердүүлүктүн багыттары:
-окуучуларды маданий баалуулуктардын системасына ,алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрө турган, адеп-ахлактык позициясын бекемдеп, тажрыйбасын кеңейтүучү мамилелердин жана ишмёрдүүлүктүн системасына тартуу;
- мектептин тарбиялоочулук потенциалын колдонуу менен, окуучулардын өз билимин жана өзүн өзү өркүндөтүүсүнө,инсандын интеллектуалдык өсүшүнө ички керектөөнү калыптандыруу үчүн негизги жана кошумча билим берүүнү интеграциялоо
- жаратылышка, адамдарга, өзүнүн ден соолугуна, дени сак жашоо образынын көндүмдөрүнө баалуулук мамилени калыптандыруу;
- уюштуруучулук маданиятты, активдүү турмуштук позицияны, лидердик сапаттарды, коммуникативдик билгичтиктерди жана көндүмдөрдү, өз ишин уюштуруу көндүмдөрүн,өз ишмердигин проектилөө көндүмдөрүн тарбиялоо, калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;
- өзүн ар түрдүү чыгармачылык ишмердүүлуктө чагылдыра алуу билгичтигин жана сулуулукту көрө жана түшүнө билүү билгичтигин калыптандыруу ;
Милдеттер:
1.Төмөнкү проекттерди ишке ашыруу аркылуу комплекстүү-максаттуу тарбиялык процессти өркүндөтүү:
- “Дени сак чөйрө - дени сак коом”;
- “Ийгилик-бул сен”
- “Олимпиадалык даярдоо мектеби”;
- «Лидер»;
- «Мен өз АтаЖуртумдун жаранымын».
2. “Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын тарбиялык системасынын эффективдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү системасы.
- көңүлдун борборунда ички баалуулуктар, окуучунун мумкүнчүлүгү;
- окуучулар-тарбиялоо таасириндеги субьект;
- окуучу-мугалим-кызматташтык, бирге чыгармачылык мамиледе;
Мектептин тарбия берүү системасынын түзүлүш өзгөчөлүгү чыгармачылык ишмердүүлүктүн формасын жана мазмунун тандоодогу теңдикте,тарбиялык процесстин проекттик түзүлүшүндө жана окуучулардын демилгечил көз карашында, активдүү өз алдынчалыгында болуп эсептелет.Мугалимдердин жана окуучулардын бирдиктүү билим берүүчүлүк-проекттик чөйрөдөгү өз ара ишмердиги тарбиялык иштин принциптерин ишке ашырууну камсыз кылат.
Психологиялык кызматты өнүктүрүү.
Психологиялык кызмат билим берүү процессинин катышуучуларын психологиялык коштоону уюштуруучу негизги звено болуп эсептелет.
Мектептик психологиялык практиканын обьектиси болуп баланы мектептик өз ара таасир этүү кырдаалында окутуу жана психологиялык өнүгүүсү эсептелет.
- мектептик окутуунун шартында өнүгүүнун социалдык кырдаалыинсандын өнүгүшүнө жалпы жонунан таасир берет;
- топтук окутуу шарттарында социалдык кырдаал тарбиялоо жана окутуу процессине жана жыйынтыгына кыйла маанилүү таасир этет;
- курактык өзгөчөлуктөр социалдык кырдаалдын өздөштүрүлүшүнө өзгөчө таасир этет;
- белгилүү курактык мезгилдин ар бир этабында эмоционалдык жетишкендикке,психологиялык комфортко алып келүүчү, өз кезегинде билим берүүнүн сапатына, окуучулардын физикалык жана психологиялык саламаттыгын сактоого оң таасир берүүчү өнүгүүнүн социалдык кырдаалын эске алуу менен психологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн уюштуруу;
Психологиялык кызматты өнүктүрүүнүн максаты:
Билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын инсандык өсүшүн жана ден соолугун сактоо үчүн психологиялык шарттарды камсыздоочу өнүгүүнүн социалдык кырдаалын түзүүдө педагогикалык коллективге администрациянын көмөгү.
Өнүгүүнүн милдеттери:
- мектепте окугандардын инсандык өнүгүүсүнун социалдык кырдалына мониторингди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- ар бир курактык мезгилдин өзгөчөлүгүн эске алуу менен өнүгүүнүн социалдык кырдаалына таасир этүү методдорунун системасын өркүндөтүү;
- бардык катышуучулардын инсандык өнүгүшүн жана ден соолугун сактоо үчүн психологиялык шарттарды камсыз кылуу менен лицейдин билим берүүчулук, тарбиялоочулук, инновациялык ишмердүүлүгүн коштоо;
Өнүгүүнүн милдеттерине ылайык негизги иш багыттары:
Диагностикалык:
-билим берүү технологияларынын жана билим берүү процессинин уюштурулуш принцибине мониторинг жүргүзүү, аны талдоо, пландоо, ишке ашыруу
Психологиялык агартуу жана коррекциялык- өнүктүрүүчүлүк иштер:
- ар бир курактык мезгилдин белгилүү этаптарында педагогдордун жана ата- энелердин психологиялык маданиятын жогорулатуу боюнча иш чараларды салтка айландыруу;
- окууда, мамиле курууда, биргелешкен окуу ишмердүүлугундө жана жатаканада жашоодо кыйынчылыктарды сезген балдар менен жекече коррекциялык-өнүктүрүүчү иштерди жакшыртуу;
Илимий -методикалык:
- жаңы билим берүү технологияларына жана билим берүү процессинин уюштурулуш принциптерине психологиялык экспертиза;
- социалдык партнерлор менен оз ара ишмердикти кеңейтүү аркылуу тарбиялык профилактикалык ишмердүүлүктүң сапатын камсыз кылуу;
- билим берүү процессинин эффективдүүлүгун камсыз кылуучу психология боюнча жетишкендиктердин инновацияларын издөө жана сынап көрүү;
Эгерде билим берүү процессиндеги ар бир катышуучу топтун керектөөлөрү бардык курактык этаптарда эске алынган болсо, социалдык кырдаалдын өнүгүүсүнө таасир эффективдүү болот.Ошентип, мектепке чейинки даярдыкта ата- энелер баласынын мектептик билим алуусуна коп көңүл бурганга даяр, ата-энелердин мектептик окутуудагы ролуна байланыштуу билим, билгичтиктерди,көндүмдөрдү алуусуна кызыкдар, ошондуктан негизги таасир этүү бул топко багытталат.
Башталгыч билим берүү этабындагы балдардын өнүгүүсүндө маанилүү ролду ата-эненин кызыкчылыгын сактаган учурда педагог ойнойт. Балдар али өз мүмкүнчүлүктөрүн жана өнүгүү багыттарын аныктай алышпайт, ошондуктан алар менен аткарылуучу туздөн түз иштер психологиялык ден соолукту сактоого жана чындоого багытталат.
Ортонку звенодо окуучунун өнүгүшүндөгү педагогдун ролу жетектөөчү бойдон калат,бирок окуучуларда өзүнун өнугушүнө кызыкчылык пайда болот. Инсандык мамиле куруу бул курактагы жетектөөчү ишмердүүлүк катары психологиялык кызматтын приоритетин, мугалимдердин окутуунун активдүү формаларды өздөштүрүүсүн жана курактык керектөөлөрго ылайык окуучулар менен мамиле куруунун стилин аныктайт.
Өнүгүү программасын башкаруу.
Билим берүүнү модернизациялоо шарттарында иерархиялык катуу уюштуруучулук стуруктуралардан жана башкаруу технологияларынан чегинүү сөзсүз келип чыгат. Мектептеги билим берүү процессии башкаруунун модели бирдиктүү бири бири менен тыгыз байланыштагы комплекстүү-максаттуу, билим берүүнүн ар бир этаптарында мектептин приоритеттик багыттарын эске алуу менен ишке ашырылуучу проекттерди камтыйт. Мындай модель сырткы өзгөрмөлүү чөйрөдө ийкемдүү жүрүш-туруштун эсебинен негизги стратегиялык конкуренттик артыкчылык берет. Билим берүү мейкиндигиндеги мониторинг системасы комплекстүү- максаттуу проекттердин индикатору болуп кызмат кылат жана аны коррекциялоого негиз болуп эсептелет.
Өнүгүү программасын ишке ашырууга жооптуу “Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын админстрациясы жана илимий методикалык кеңеши болуп эсептелет.
Мектеп админстрациясы
- нормативдик-укуктук базаны иштеп чыгат жана системалаштырат;
- лицейлердин ишмердүүлүгүнүн инструктивдик-буйруктук базасын жөнгө салат;
- өнүгүү программасынын пландарынын өз убагында аткарылышына жооптуу;
- өнүгүү программасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт;
- программанын ишке ашырылышындагы илимий, методикалык, техникалык проблемаларды аныктайт;
- программанын ишке ашырылышы боюнча жылдык анализ жүргүзөт.
Илимий-методикалык кецеш:
- өнүгүү программасынын ишке ашырылышы боюнча сунуштарды карайт;
-комплекстүү-максаттуу проекттерди ишке ашыруу боюнча проблемдүү-чыгармачылык топтордун персоналдык курамын аныктайт;
- ишке ашырылып жаткан программалардын экспертизисын өткөрөт;
- чыгармачылык топтордо жаңы технологияларды үйрөнүүнү уюштурат жана сынактан өткөрөт;
- инновациялык ишмердүүлүктү “Кут Билим” Ысык-Кол ОТКсынын структуралык түзүмчөлөрүндө ишке ашырат;
мектептин методикалык бирикмелеринин өнүгүү программаны ишке ашыруу боюнча иштеринин эффективдүүлүгүн анализдейт;
-өнүгүү программасынын ишке ашырылыш сапатын баалайт;
- педагогдордун инновациялык ишмердүүлүгүн моралдык-материалдык стимулдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
1-стратегиялык максаты:
> Окуучулардын жеке өзгөчөлуктөрун таанып-билуунун негизинде, жендемдуу балдарды өстуруү жана инсандык өнүгүуну, сапаттуу билим берүүнү шартгаган маданий, адептик, билим берүүчулук чөйрену түзүу.
№
Жетишкендик көрсөткүчү
2021-
2022
2022-
2023
2023-
2024
1.
Ар бир окуучунун мүмкүнчүлүктөрү, өнүгүүсү диагностикаланат жана өсүү динамикасына байкоо жүргүзүлөт
2
Өзгөчө зээндүү, жөндөмдүү балдарды таанып- билүүгө, алар менен иштөөгө тиешелүү шарттар түзүлөт.
3
Окутуп-үйрөтүүнүн дифференциалдуу жана жекече мамилеси ишке ашырылат
у/
4
Мектеп шартында ар бир окуучунун жеке кызыгуусу жана билимге умтулуу мотивациясы колдоого алынат.
5
Окуучуларда үзгүлтүксүз билим алууга муктаждык калыптандырылат, ишмердүүлүк чөйрөсүндө чыгармачылык менен эмгектенүүгө даярдык көрүлөт.
6
Маалыматтык-компьютердик технологияларды жана ресурстук маалыматтык чөйрөнү колдонуу менен окуучулардын проекттик ишмердүүлүгү калыптанат.
2-стратегиялык максаты:
> Мектептин билим берүү мазмунун мамлекеттик билим беруу стандартына ылайык- таштыруу, алдыңкы инновацияларды жана чет өлкөлүк тажрыйбаларды киргизүү менен билим сапатын жогорулатуу
№
Жетишкендик көрсөткүчү
2019-
2020
2020-
2021
2021-
2022
1.
Англис тили жана араб тили предметтери мамлекеттик билим берүү стандартына дал келтирилет, темалар иретке келтирилет, теориялык-практикалык көндүмдөр жогорулайт.
2.
Мектептин материалдык- техникалык базасы билим берүү процессинин учурдагы уюштуруу талаптарына дал келтирилет.
3
Педагогикалык кадрлар өстүрүлөт жана өнүктүрүлөт, жөндөмдүү балдар менен иштөө илимий-методикалык жактан камсыздалат
3-стратегиялык максаты
> Интеллектуалдык, руханий- нравалык баалуулуктарга ээ, ишмердүүлүккө, билим алууга, атаандаштыкка жөндемдүү инсанды калыптандырууга багыт берүү
№
Жетишкендик көрсөткүчү
2019-
2020
2020-
2021
2021-
2022
1.
Дени сак жашоо баалуулуктары калыптандырылат.
у^
у/
2.
Коомдук мамилелер системасына кошулууга негиз болуучу инсандык сапаттар, жеке мүмкүнчүлүктөр өнүктүрүлөт
3
Коомдук жоопкерчиликти калыптандыруучу жалпы лицейлик иш-чаралар уюштурулат
у/
у/
у/
Ар бир окуучунун ийгиликтүү болуусун камсыз кылуучу ар түрдүү ишмердүүлүккө катышуу шарты түзүлөт.
у/
у/
у/
Программный ишке ашыруунун мөөнөтү жана этаптары: 1-этап (2021-2022 жж) - даярдоочу:
Айрым багыттар боюнча “Кут Билим” Ысык-Көл ОТКсынын өнүгүү моделин иштеп чыгууга байланыштуу иштер каралган, мамлекеттин билим берүү жаатындагы стратегиялык документтерине ылайык келтирүү, ошондой эле проекттердин жана комплекстүү-максаттык программанын ишке ашырыла башташы менен, инвестициялардын булагын издөө, программанын кадрдык жана маалыматтык камсыздоонун негизги багыттарын аныктоо
2-этап (2022-2023 жж.) - практикалык:
Өнүгүү программасын ресурстук кам сыздоонун андан аркы модернизацияланышы.Программаны методикалык , кадрдык жана маалыматтык камсыздоо.Аралык жыйынтыктарды анализдөө. Программанын мазмунун жана аткаруу мөөнөтүн анын ишке ашыруу максаттык индикаторлоруна ылайык коррекциялоо.
3-этап (2023-2024 ж.ж) - жыйынтыктоочу:
- Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт;
- Окуу-тарбия процессии, окуу программаларын ишке ашыруу боюнча жетекчилик, уюштуруу башкаруу негиздери коллегиялуу, демократиялык жол менен жүргүзүлөт.
- Педагогдордун компетенттүүлүгү жана кесиптик чеберчилиги жогорулайт;
- Конкуренттүүлүккө, туруктуулукка, коомдо оз ордун таба билген, социалдык- компетенттүүлүккө ээ бүтүрүүчүлөр даярдалат.
- Заманбап материалдык базаны түзүү өркүндөйт;
- Билим берүү процессинин катышуучуларынын ден соолугу корголот,чыцдалат жана сапаттуу билим чөйрөсүнө тартылышат;
Алынган жыйынтыктарды анализдее жана программаны иш жүзүндө турмушка ашыруунун негизги этаптарын сүрөттөө.Алынган жыйынтыктарды коюлган максаттар менен салыштыруу. Программанын негизги этаптарын сүрөттөө ,аны ишке ашыруунун жыйынтыктарын жалпылоо. “Кут Билим” Ысык-Кел ОТКсынын кийинки мезгилдерге өнүгүү багыттарын аныктоо.