• Врачтын инструкциясы

        •  

           

                                                                         «Бекитемин»

                                                                     “Кут билим” ОТКсынын

                                                                                           мүдүрү Карпеков Р.Ж.

          _______________

           

           

          МЕКТЕПТИН ВРАЧЫНЫН КЫЗМАТ ИНСТРУКЦИЯСЫ

          1.ЖАЛПЫ ЖОБО

          1.1. Мектептин балдар врачы мектептин директорру тарабынан кызматка алынат жана бошотулат.

          1.2. Мектептин балдар врачы түздөн-түз директорго жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына баш ийет.

          1.3.Өз ишмердүүлүгүн Кыргыз республикасыны Эмгек Кодексинин, лицейдин

          Уставынын, директордун буйругунун жана Билим берүү министрилигинин,

          Саламаттык Сактоо министрилигинин токтомдорунун негизинде иш алып барат.

          2. ФУНКЦИЯЛАРЫ

                   2.1. Окуучу картасы менен таанышуу

                   2.2. Күнүгө окуучулардын ден-соолугун карап чыгуу (обход)

          2.3. Мектептеги (окуу короосунда, жатакана, ашкана) санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдө.

          2.4. Күн сайын менюга уруксат берүү, кол кою тамак-аштын сапатын текшерүү

          2.5. Ооруп калган балдарды текшерүү, керектүү учурда медициналык жардам көрсөтүү же ооруканага жеткирүү.

          2.6. Кызматкерлердин санитардык китепчени талап кылуу

          2.7. Окуучуларды медициналык кароодон өткөрү

          2.8. Санитардык-эпидемиялык бөлүмдөр менен тыгыз байланышта иштөө, өз убагында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу.

          2.9. «Дени сак улут» программасы боюнча атайын сабактарды өтүү

          2.10. Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу, балдардын ден-соолугу боюнча маалымат берүү

          2.11. Керектүү дары-дармектерди алып келүү.

          3. МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ

          3.1 Кызматка убагында келип кетүүгө б.а. саат 08:00дөн 17:00гө чейин, ишемби күндөрү 08:00дөн 14:00гө чейин.

          3.2. Зарыл болгон учурларда мугалимдердин жана тарбиячылардын чакыруусу боюнча кызматтан сырткары убакытта ишке келүүгө.

          3.3. Кызмат убагында уруксатсыз иш ордун таштап кетпөөгө.

          3.4. Мектептин ички эрежелерине ылайык этикалык нормаларды сактоого.

          3.5. Кызмат учурунда ак халат кийип жүрүүгө.

          3.6. Ар кандай профилактикалык алдын алуу иштерин жүргүзүүгө.

          3.7. Өзүнө тиешелүү бөлмөнүн, инвентардын таза тыкан сакталышына.

          4.Укуктары

                   4.1. Мыйзамдын чегинде өзүнүн адамдык ар намысын укуктарын коргоого.

                   4.2. Кызмат боюнча зарыл керектүү нерселерди талап кылууга.

                   4.3. Эмгекти коргоо, ишти жакшыртуу максатында өз ой-пикирлерин билдирүүгө

                   4.4. Иш боюнча өзүнө зарыл керектүү нерселерди талап кылууга.

           

           

           

           

           

           

          ВРАЧ ЖАНА МЕДСЕСТРА ТАРАБЫНАН МЕКТЕПТКЕ

          АМБУЛАТОРИЯЛЫК КӨРСӨТҮҮНҮН ЖОБОСУ

           

          1. Врач-бул медициналык жогорку билимдүү, мектептеги балдарга медициналык жардам көрсөткөн амбулатордук мекеменин адиси.
          2. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Ден-соолук Министрилигинин жана Аунун башкы врачынын буйрйктары менен иш жүргүзөт.
          3. ГСВнын врачтары жана Аунун адистери менен тыгыз байланышта иш алып барат.
          4. Мектептеги балдарга амбулатордук жардам көрсөтүү боюнча бардык амбулаториялык комплекске жооп берет.
          5. Өзүнүн ишин аткаруда врач милдеттүү:
            • медико-профилактикалык иштер аркылуу жаңы кабыл алынган балдарды медициналык кароодон өткөрүү
            • көрсөтүлгөн мөөнөткө  балдардын ден-соолугунун абалын текшерүү үчүн пландык профилактикалык кароодон өткөрүү
            • мектептеги ар бир баланын ден-соолугу боюнча жыйынтык чыгаруу үчүн дене-тарбия сабагында медициналык группаларды уюштуруу жана дарылап айыктыруучу иш-чараларды даяндоо.
            • адис-врачтын назначениелеринин аткарылышын текшерүү
            • вакцинация алдында өз маалында балдарды кароодон жана профилактикалык эмдоодон өткөрүү.
            • Балдарды чыналтуу боюнча дене-тарбиялык иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуру.
            • ОРВИ, ОКИ жана травматизм профилактикасы боюнча иш-чара өткөрүү
            • 063-У формасын 100% камсыз кылуу.
            • жугуштуу ооруларга жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу.
            • балдардын ден-соолугунун абалы жөнүндө ата-энелерге жана мектеп жетекчилерине билдирүү
            • тамак-аш бөлмөлөрүнүн санитардык абалын көзөмөлдөө
            • өз убагында АУ жетекчилигине жугуштуу оорулар жөнүндө билдирүү
            • ар дайым СЭСтин санитардык врач менен байланышта болуу
            • окуучулар арасында санитардык агартуу иштерди жүргүзүү
            • өзүнүн квалификациясын жогорулатуу
            • тамактанууну уюштурууда гигиеналык жана эпидемияга каршы эрежелердин сакталышына медициналык көзөмөлдөө жүргүзүү, тамак бөлмөнүн жумушчуларынын санитардык текшерүүдөн өтүүлөрүн текшерүү
            • медициналык инвентардын, дары-дармектердин, эмдоочу материалдардын, бактериалдуу препараттардын эсебин жана сакталышын тактоо жана алардын өз убагында толукталышына көзөмөл салуу.