Педкеңештин №1 токтому
“Кут билим” Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси 2022-2023-окуу жылы.
Педагогикалык кенешме №1
Катышты:29 мугалим
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1.2021 -2022-окуу жылындагыт окуу-тарбия иштеринин анализи.
- 2022-2023-окуу жылына карата планды бектүү.
- Мамлекеттик аккредитациядан өтүү;
- Ар түрдүү маселелер.
Педкеңешменини жүрүшү:
1-маселе боюнча ОИ боюнча мүдүрдүн орун басары Карасартов К.К. төмөнкүлөргө токтолду:
2021-2022окуу жылдын башында мектепте 2008 окуучу окуп баштаган, 7-9 класстар 150 окууучу, 10-11-класстарда 58 окуучу окуп баштаган. Бардыгы 12 класс-комплект ачылган. Ал эми жылдын аягында 204 окуучу калды.
Окуудан кекендер: жыл ичинде кеткендер 21 окуучу, алардын ичинен 7-класстардан 3 окуучу кеткен, мектеп шартына көнө албагандыктан 1 окуучу, уй бүлөлүк шартка байланыштуу 12 окуучу кетти.
Кеткендеги себептер: үй-бүлөлүук шартына байланыштуу кеткендер 12 окуучу. Мектеп шартына коне албай кеткендер 5.
Жыл ичинде келген окуучулардын саны 17.
Окуучулардын улуттук курамы: мектепте негизинен 4 тон ашык улуттун балдары окушат.
-кыргыздар 202
- казактар 1
- башка улуттардан 1
Социалдык статусу боюнча: кызматкерлердин үй-бүлөсүнөн 45
- ишкерлердин үй-бүлөсүөн 48
-жумушчулардын үй-бүлөсүнөн 111
Социалдык курамы боюнча: тоголок жетим 2 окуучу, жарым жетим 24 окуучу, толук эмес үй бүлөөдөн келген окуучулар 14, аз камсыздалган үй- бүлөөдөн келген окуучулар 0 көп балалуу үй- бүлөөдөн 8
Окуучуларды мектепке кабыл алууда бардык керектүү документтер талап кылынат. Ата-энелери чет өлкөдө мигрант болуп жүргон окуучуларга (салтка айланган ар бир предмет) сөзсүз түрдө нотариус тарабынан тастыкталган, кимге жоопкерчилик көрсөтүлгөндүгү жөнүндө ишеним кагазы алынат.
Сабагынан жетишпеген окуучуларга салтка айланган ар бир предмет боюнча жыл бою жумасына 2 сааттан атайын кошумча сабактар өткөрүлдү.
Жылдын жыйынтыгы боюнча: Окуунун отличниктери 38, ударниктер 130, орто деңгээлдеги 40.
2021-2022- окуу жылынын жыйынтыгында 11-а классынын окуучулары Шекенов Актилек 223 балл менен, Абдыбеков Толенбек 222 балл менен “Алтын Сертификатка” ээ болду.
Мугалимдердин жалпы саны 29. Бардыгы жогорку билимдүу. 5 часовик бар. Мугалимдердин орточо жумалык жүктөмү 14 саат.
Мектепте окуу программасына ылайык окуу китептери жана көркөм адабий китептер бар. Китепкананын фондунда китептердин жалпы саны - 9245, корком, илимий- методикалык адабияттар - 720 экземпляр. Мектептин окуучулары окуу китептери менен толук камсыздалган жана лицензиялык талаптарга жооп берет. Окуу процессии толук кандуу ишке ашыруу максатында окуучуларды китептер, окуу каражаттары менен камсыз кылуу жогорку деңгээлде. 7-11-класстар китептер менен 91% камсыз болду.
Предметтик жумалыктар : Мектебибизде ар бир предмет боюнча жумалыктар жыл ичинде ото активдүү жана кызыктуу өткөрүлөт. 2021-2022-окуу жылында мектепте кыргыз тили, математика эжана информатика химия жана биология. Мисалы,
орус тили жана адабияты жумалыгынын тематикасы “ 18-19 кылымдагы орус маданияты” болду. Бул иш-чара алкагында балл-маскаррадда окуучулар ошол кылымдын кийимдерин кийишип, 18-19 кылымдын аурасы жаратылды.
Ал эми тарых жумалыгында “Тарыхты танганың тамырсыз калганың” деген теманын алкагында өткөрүлүп, байыркы доордон, эгемендүүлүк мезгилге чейинки кыргыз тарыхын чагылдырган көргөзмөлөр, батман жарышы, кабинеттерди кооздоо, театр көргөзмө жарыштары болуп өттү.
Араб тили жумалыгында Ислам университетинин араб улутундагы окутуучулары менен окуучулардын ортосунда кызыктуу маектер болду.
Химия жана биология жумалыгында окучуларга ар түрдүү эксперттик иштер көргөзүлдү.
Окуучулардын саламаттыгын сактоо кызматында мектепте 1 жогорку билимдүү врач жана 1 мед айым эмгектенет. Медициналык кароо жылдагыдай эле ар бир класста өткөрүлдү. Кароонун жыйынтыгында ар кандай жугуштуу оорулар менен ооругандар жок. Коз оорусу менен ооругандардын саны жылдагыга Караганда аз катталган, 11 окуучу.
Ашканада ысык тамак менен камсыз кылуу талаптагыдай жолго салынган. меню врач жана башкы ашпозчу тарабынан ар айга түзүлөт. Күнүнө 3 маал ысык тамак берилет. Атайын жума исинде took, даярдалган тамактар бар. Витамин үчүн банан, алма сыяктуу жемиштер да менюга киргизген.
Окуу жылынын ачылышы менен жатаканага окуучулар жаңы ремонттолгон шартта келип, азыркы учурда 204 окуучу жашайт. Бөлмөлөр толугу менен ремонттон өткөрүлүп, жаңы инвентарлар менен толукталып, окуучулар үчүн даты ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Окуу корпусунда жана жатаканада санитардык-гигиеналык абал жана жэылуулук режими нормага ылайык сакталат.
Бардык предметтер боюнча жылдын жыйынтыгында мектептин программалары аткарылды. Предметттер боюнча мугалимдер иш жүргүзүштү. Жыл
ичинде өткөрүлгөн . ЖТС 1,2,3,4 сынагынын жыйынтыгында мектептин окуучулары жакшы көрсөткүчтү бере алышты.ЖТСтин таасирин жогорулатуу максатында чейректик баага таасир берүүсү боюнча мугалимдер тарабынан колдоого алынып,колдоо тапты жана жакшы жыйынтык бере алды. Бул окуу жылында мектеп окуучулары райондук, облусттук олимпиадаларга катышып, республикалык олимпиадага 4 окуучу жолдомо алды. Алар: Кадыров Эрбол 11-а класс математика предмета боюнча 4-орун, Замиров Акылбек И-а класс биология сабагы боюнча 4-орунду ээледи. Эл аралык биология олимпиадада 3-орунду камсыздады.
Ар бир метод бирикме кафедралардын мүчөлөрү оз предметине ылайыктап жеке темасын түзүп, сабакта проблемалык теманы жүзөгө ашырууга аркет кылышты.Апрель айында мугалимдердин тажрыйбаларын жыйылтуу максатында ар бир МБ өзүлөрүнүн методикалык иемаларынын үстундө тажрыйба алмашуу иш-чараларын өткөрүштү.
Окуу-тарбия процессиндеги негизги орган болгон пед кенешме 5 жолу өткөрүлдү. Мектепте 3 усулдук бирикме иш алып барат. Гуманитардык
илимдер бирикмеси Табигый илимдер
бирикмеси Так илимдер бирикмеси;
Жыл ичинде МБден алгылыктуу иш алып барган математика, англис тили мугалимдери болду. Устат-шакирт иш аракетине өзгөчө көңүл бурулуп, жаш мугалимдерге атайын
тажрыйбалуу насаатчылар бекитилген. 2021-2022 окуу жылында
мектепте 5 жаш мугалим эмгектенүүдө. Ар бирине тажрыйбалуу насаатчы бекитилип, мектеп документациясы,сабактын планын, чыгармачылык отчетту туура жазууну жана толтурууну гана үйрөтпөстөн, сабактарга да активдүү катышып турушат. Мугалимдерге педагогикалык - методикалык жардам берүү максатында семинарлар уюштурулду.
2-маселе боюнча, ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басарлары: Карасартов К.К. томөнкүлөргө токтолду. 2022-2023-окуу жылында мектеп 11 класс-комплект, 250 окуучу менен ишин баштоо алдында турат. Кабыл алуу экзамендеринин натыйжасында 7-класска жалпы 74 окуучу кабыл алынды. 7-класстан сырткары 6-класска 18 окуучу кабыл алынды. Жаңы метод бирикмелеринин башчылары дайындалды. Предметтик жумалыктарды өткөрүү жана илимий МБлердин декадаларын өткөрүүнүн графиктери түзүлдү. Август айынын 24-27 сине чейин Ысык-Көл “ Кут билим” жана Бишкек “Кут билим” ОТКнын жалпы мугалимдер жааматы катышып, методика, электрондук журнал, предметтик олимпиадаларга даярдык МБлердин иш жүргүзүүсү боюнча семинарлар өткөрлүп, жылдык пландар бекиди. Календарлык-тематикалык пландарды бекитүүнүн мөөнөтү 15-сентябрга белгиленди. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн окуу шартында окуу жылын баштайбыз. Онлайн окуу шартында улантуу , окуу жүгүртмөсүн түзүү, кайтарым байланыш жүрүзүү, видео сабактарды тартуу боюнча сунуштар айтылды.
3-маселе боюнча Мектеп мүдүрү Карпеков Р.Ж. сөз сүйлөдү. Сөзүндө быйыл 2022- 2023-окуу жылында мектеп аккредитациядан өтүү мөөнөтү келгендигин билдирди. Ошого байланыштуу тиешелүү адамдар бул аккредитацияга даярдык көрүүнү буюрду. Жалпы аккредитациядан өтүү үчүн документацияларды камдап министрликтин тиешелүү органдарына жиберүү лицейдин окуу-тарбия иштери боюнча орунбасары К.Карасартовго жүктөлгөнүн айтты. Ошондой эле кимдерден кандай документ талап болсо ар бир мугалим, жетекчи, бухгалтер, чарба жетекчилер даярдап берүүгө милдеттүү экендигин милдлеттендирди.
Аккредитациялык комиссия түзүлсүн. Ар бир аткарылган иш комиссиянын көзөмөлүнөн өтсүн.
Чечим:
1.1. Мектептен кетип жаткан жана жаңы келип жаткан окуучулардын ата-энелери менен аңгемелешүүлөрдү өткөрүү;
-
- . Мектептин жылдык планын иштеп чыгуу, бекитүү ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басарлары: Карасартов К., Темирканова А., Ташов Дга жүктөлсүн;
- . Календарлык-тематикалык пландарды бекитүү, аларды көзөмөлдөө, мектептин ОББсы Темирканова Ага жүктөлсүн;
- Мамлекеттик аккредитациядан жооптуу мүдүрдүн окуу-тарбия иштери боюнча орунбасары К.Карасартовго милдеттендирилсин.
- Окуу, тарбия жана чарба жетекчилери аккредитацияга тиешелүү документтерди убагында даярдап, мүдүрдүн орунбасары К.Карасартовго берүү жүктөлсүн.
- Аккредитациялцк комиссиянын курамы төмөнкүдөй адамдардан куралсын.
Төрага: Карпеков Расул Жыргалбекович - лицейдин мүдүрү
Мүчөлөрү: Карасартов Кенжебек Кадырович - ОББ
Темирканова Аида Жеңишбековна - ОББ
Ташов Дастан - ТББ
Садыкова Элнура - табигый илимдер УБнын жетекчиси
Абдималик уулу Нуралы - так илимдер УБнын жетекчиси
Ажыбекова Орозган - гуманитардык илимдер УБнын жетекчиси
Дастан Бактыбек - эсепчи
Ганиев Б Чарба башчы
-
- Аккредитациядан өтүү үчүн болгон бар дык шарттарды түзүп берүү жаты Чарба иштери боюнча мүдүрдүн орунбасары Б.Ганиевге милдеттендирилсин.
- . Окуу процесси 1-сентябрь күнү 1-сабак КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Кут билим” газетасына жарыяланган тема менен башталсын;
Мүдүр:
Катчы: