Мермемдер
- Ички көзөмөл
- Тарбиялык план
- Ата-энелер менен иштөө планы
- Окуу планы
- Жатакана мүдүрүнүн планы
- Мүдүрдүн ф. милдеттери
- ОББнын (1) ф. милдеттери
- ОББнын (2) ф. милдеттери
- ТИМОнун ф. милдеттери
- Жатакана мүдүрүнүн ф. милдеттери
- Ишчилер менен келишим
- Күзөтчү менен келишим
- Врач менен келишим
- Врачтын инструкциясы
- Ата-энелер менен келишим
Күзөтчү менен келишим
Эмгек келишими
1 Кызыл-Суу а. _________________________
Датасы
2.1. Иш берүүчү: «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси, Кызыл-Суу а. Манас к. 72 мүдүрү Карпеков Р.Ж.
2.2 ________________________________________________________________
Жашаган жери:___________________________________________________
Иденфикациялык № ______________________________________________
3. жумуш орду: «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси;
4. Иштин башталышы: 08- 00дөн 08-00гө чейин
5. Иштөө режими : __________________________________________________
6. Эмгек келишимдин мөөнөтү: 2022-2023 – окуу жылы
7. Иш берүүчүнүн милдеттери:
7.1. Кыргыз республикасынын эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарын жана башка ченемдик – укуктук актыларын, ушул келишимдин шарттарын сактоо;
7.2. Эмгек акыны келээрки айдын 10-числосуна чейин төлөп берүүгө;
7.3 Эмгекти коргоонун жана санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берүүчү шарттарды жана эмгек коопсуздугун уюштурууну камсыз кылууга;
7.4. Эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл жабдуулар,шаймандар жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;
7.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү социалдык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга;
7.6. _____ календарлык күнгө эсептелген эмгек өргүүсүн берүүгө;
8. Иш берүүчүнүн укуктары:
8.1. Эмгек келишимин токтотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 80-статьясына ылайык тараптардын макулдугу боюнча, 81-статьясына ылайык ушул келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, 82-статьясына ылайык жумушчунун демилгеси боюнча,83-статьясына ылайык иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүүгө;
8.2. Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иш берүүчү төмөнкүдөй тартиптик жазаларды колдонууга:
А) эскертүүгө;
Б) сөгүш берүү же маянасын кармоо;
В) тийиштүү негиздер менен иштен бошотууга.
9 . Күзөтчүнүн милдети
9.1. Жумушка өз убагында таза,талапка жооп берген формасында келип,өткөрүп жаткан күзөтү менен биргеликте, кайтарууга тапшырылган буюмдардын өз ордунда жана тактыгын аныктап туруп өткөрүп алуу;
9.2. ____________________ буюмдарга (эмерек, телефон, рация, атайын колдонуучу куралдар, иш кагазадры ж.б) өтө аяр мамиле кылуу;
9.3. Мектеп территориясында чылым чекпөөгө _____________ (аймактарды) таза кармоо;
9.4. Мугалимдерге, ата-энелерге, келген конокторго, окуучуларга сылык мамиле кылуу;
9.5. Окуучулар менен кызматка байланышпаган маселелер боюнча мамиле түзбөө;
9.6. Тартип бузган окуучулар тууралуу мектеп администрациясына убагында билдирип туруу;
9.7. Мектеп ичиндеги жана аймагындагы мүлктөргө этият мамиле кылуу;
9.8. Иш убактысында ордун таштап кетпөө;
9.9. Мектеп аймагынан мүлктөрдү, тамак-аштарды алып кетпөө;
9.10. Бүлүндүрүп алган мектеп буюмдарынын ордун төлөөгө;
10. Күзөтчүнүн укугу:
10.1. Иш көрсөткүчү боюнча сыйлануу;
10.2. Эмгек өргүүсүнө чыгуу;
10.3. Мектеп ашканасынан тамактануу;
11.Эмгек келишиминде каралбаган маселелер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси боюнча аныкталат.
12.Күзөтчүнүн маянасы:
__________________________________________________________________
«Кут билим» окуу-тарбия комплексинин «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин:
Мүдүрү:_____________________________ _________________________________
Карпеков Р.Ж.______________________