• Врач менен келишим

        • Эмгек келишими

          Кызыл-Суу а.                                                                                   _________________________

                                                                                                                                                        Датасы

          2.1.    Иш берүүчү: «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси, Кызыл-Суу а. Манас к. 72 

                     мүдүрү Карпеков Р.Ж.

          2.2     Мед кызматкери:__________________________________________________

                   Жашаган жери:___________________________________________________

                   Иденфикациялык № ______________________________________________

          3.     жумуш орду:    «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси

          4.     Иштин башталышы: _____ 00дөн ______00гө чейин

          5.     Иштөө режими :   __________________________________________________

          6.    Эмгек келишимдин мөөнөтү:        2022-2023 – окуу жылы

                                           7.         Иш берүүчүнүн милдеттери:

          7.1.  Кыргыз республикасынын эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарын жана башка ченемдик – укуктук актыларын, ушул келишимдин шарттарын сактоо;

          7.2.  Эмгек акыны келээрки айдын 10-числосуна чейин төлөп берүүгө;

          7.3  Эмгекти коргоонун жана санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берүүчү шарттарды жана эмгек коопсуздугун уюштурууну камсыз кылууга;

          7.4.  Эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл жабдуулар, шаймандар жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;

          7.5.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген тартипте милдеттүү социалдык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга;

          7.6.  _____ календарлык күнгө эсептелген эмгек өргүүсүн берүүгө;

          8.          Иш берүүчүнүн укуктары:

          8.1.  Эмгек келишимин токтотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин  80-статьясына ылайык тараптардын макулдугу боюнча,81-статьясына ылайык ушул келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, 82-статьясына ылайык жумушчунун демилгеси боюнча, 83-статьясына ылайык иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүүгө;

          8.2.  Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иш берүүчү төмөнкүдөй тартиптик жазаларды колдонууга:

          А)  эскертүүгө;

          Б)  сөгүш берүү же маянасын кармоо;

          В)  тийиштүү негиздер менен иштен бошотууга.

          9 .   Мед.кызматкеринин  милдети

          9.1.  Жумушка өз убагында таза, талапка жооп берген формасында келип, өткөрүп жаткан күзөтү менен биргеликте, кайтарууга тапшырылган буюмдардын өз ордунда  жана тактыгын аныктап туруп өткөрүп алуу;

          9.2.  ____________________ буюмдарга (эмерек, телефон, рация, атайын колдонуучу куралдар, иш кагазадры ж.б/) өтө аяр мамиле кылуу;

          9.3.  Мектеп территориясында  чылым чекпөөгө _____________ (аймактарды) таза кармоо;

          9.4.  Мугалимдерге, ата-энелерге, келген конокторго, окуучуларга сылык мамиле кылуу;

          9.5.  Окуучулар менен кызматка байланышпаган маселелер боюнча мамиле түзбөө;

          9.6.  Тартип бузган окуучулар тууралуу мектеп администрациясына убагында билдирип туруу;

          9.7.  Мектеп ичиндеги жана аймагындагы мүлктөргө этият мамиле кылуу;

          9.8.  Иш убактысында ордун таштап кетпөө;

          9.9. Мектеп аймагынан мүлктөрдү,тамак-аштарды алып кетпөө;

          9.10. Бүлүндүрүп алган мектеп буюмдарынын ордун төлөөгө;

          9.11.  Иш күнүндө ар бир класстагы окуучулардын ден соолугун кароого;

          9.12.  Мектеп тазалыгына көзөмөл кылууга;

          9.13.  Ашкананын санитардык абалына көзөмөл кылууга;

          9.14.Тамак-аштын менюсун түзүүгө;

          9.15.  Медициналык кароодон өтүүлөрүн көзөмөлдөөгө.

          10.       Мед.кызматкеринин  укугу:

          10.1. Иш көрсөткүчү боюнча сыйлануу;

          10.2. Эмгек өргүүсүнө чыгуу;

          10.3. Мектеп ашканасынан тамактануу;

          11.Эмгек келишиминде каралбаган маселелер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси боюнча аныкталат.

          12. Мед.кызматкердин маянасы:

          __________________________________________________________________

          «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин                   «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин:                                

          Мүдүрү:_____________________________                   ______________________________________

          Карпеков Р.Ж.______________________________________