Мермемдер

        • Ата-энелер менен келишим

        • ОКУТУУ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ КЕЛИШИМИ №_______

          Кызыл-Суу айылы.                                                                           «_____» __________ 202__-ж.

          Уставдын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн  «Кут билим» Ысык–Көл окуу-тарбия  комплекси» мекемесинин (мындан ары – Мекеме) атынан директору Карпеков Расул Жыргалбекович бир тараптан жана экинчи тараптан Мекеменин окуучусу болгон ___________________________________________________ ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) _______________________________________________________ (мындан ары - Ата-эне) чогуу «Тараптар» деп аталуучулар, окуучунун кызыкчылыгы үчүн төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди (мындан ары - Келишим) түзүштү:

          1.  Келишимдин  предмети

          1.1. Окуучуну 2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 30-майына чейин мамлекеттик  билим берүү стандартына жана программаларына ылайык окутуу, Келишимдин шарттарына ылайык тамак-аш жана жатакана менен камсыз кылууну уюштуруу жана ал үчүн акы төлөө болуп саналат.

          2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

          2.1. Мекеменин милдеттери:

          2.1.1. Келишимдин 1.1. пунктунда көрсөтүлгөн окутуу процессин уюштуруу жана аны мамлекеттик окутуу стандарттарына жана программаларына ылайык түзүү;

          2.1.2. Окуучунун келишимдин предмети болгон окутуу программасын толук өздөштүрүүсү үчүн аны Мекеме тарабынан белгиленген тартипте методикалык жана консультациялык жардам менен камсыз кылуу;

          2.1.3. Окуу мөөнөтү учурунда окуучуну окуу китептери жана башка адабияттар, китепкана, лаборатория, компьютердик класстар жана жатакана менен камсыз кылуу;

          2.1.4. Окуучуну Келишимде белгиленген окуу процесси бүткөнгө чейин 3 (үч) маал тамак менен камсыз кылуу;

          2.1.5. Мекеме тарабынан белгиленген көчүрүү жана жыйынтыктоочу аттестация сынактарын жүргүзүү;

          2.1.6. Көчүрүү аттестациясынын жыйынтыгы боюнча педагогикалык кеӊештин чечимине ылайык окуучуну белгиленген тартипте класстан класска көчүрүү;

          2.1.7. Окуучу окутуунун 2–деӊгээлин аяктаганда күбөлүк ал эми 3–деӊгээлин аяктаганда белгиленген үлгүдө аттестат менен камсыз кылуу;

          2.1.8. Окуучунун ден–соолугун медициналык кызматкер тарабынан кароодон өткөрүп туруу;

          2.1.9. Окуучунун Мекеменин ички тартип эрежелерин кынтыксыз аткаруусу шарты менен Мекемеде болгон мөөнөтүндө аны көзөмөлдөө, керектүү учурларда (эреже бузуу, кырсык ж.б.) ал тууралуу ата–энеге кабар берүү.

           

          2.2. Мекеменин укуктары:

          2.2.1. Окуу мөөнөтүндө өз алдынча окутуу методикасын тандоо, иштеп чыгуу жана колдонуу;

          2.2.2. Окуучунун окуу, жашоо жана тамактануусу үчүн Ата-энелерден алына турган төлөмдүн өлчөмүн жылдык чыгымдардын сметасына жараша өз  алдынча өзгөртүү;

          2.2.3. Төмөнкү учурларда окуучуну Мекемеден кетирүү:

          → Окуучунун «Окуучулардын ички тартип эрежелерин» системалуу жана орой түрдө бузгандыгы тууралуу такталган документтеринин негизинде жана педагогикалык кеӊештин чечими менен;

          → Мекемеде өз теӊтуштарына жана Мекеменин кызматкерлерине мыйзам  чегинен сырткары аракет көрсөткөн учурда;

          →  Кыргыз Республикасынын  тийиштүү мыйзамдарын  бузган  учурда;

          → Окуучу психологиялык, неврологиялык жактан жабыркап, көрүү, угуу майыптыгы тастыкталганда;

          → Бир же бир нече сабактан жылдыгынан «2» (канааттандырарлык эмес) деген баа чыкса;

          Алкоголдук ичимдиктерди, чылым (тамеки, электрондук тамеки, вэйб ж.б) насвай же наркотикалык заттарды пайдаланган болсо.

          2.2.4. Ата–энелерден окуучу тарабынан Мекеменин мүлкүнө тийгизген зыянын төлөп берүүнү талап кылуу;

          2.2.5. Окуучунун  көчүрүү  аттестациясынын  мөөнөтүн  жана экзамен тартибин өз алдынча белгилөө;

          2.2.6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпы орто билим берүү мекемелериндеги бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу аттестациясы жана класстан класска көчүрүү тартиби тууралуу жобонун талаптарын аткарбаган учурда окуучуга мамлекеттик үлгүдөгү билим алгандыгы тууралуу документти берүүдөн баш тартуу.

           

          2.3. Ата–энелердин милдеттери:

          2.3.1. Окуучунун Мекемеде окуу, жашоо жана тамактануусу үчүн төлөмдөрдү Тараптардын макулдашышкан төлөө тартибине жараша төлөө;

          2.3.2. Окуучуну медициналык көзөмөлдөн өткөрүү, Мекеменин жетекчилигине окуучунун Мекемеге келгенге чейинки ден-соолук абалы тууралуу медициналык адистердин жыйынтыктарын тапшыруу;

          2.3.3. Окуучуну «Күндөлүк режим» жана «Окуучунун ички тартип эрежелери» менен тааныштыруу;

          2.3.4. Окуучунун Мекеменин мүлкүнө келтирген зыяны үчүн толук материалдык жоопкерчиликти мойнуна алуу;

          2.3.5. Келтирилген зыяндын суммасын Мекеменин жетекчилиги тарабынан расмий билдирүү келгенден кийин 10 күндүн ичинде төлөө;

          2.3.6. Мекеме тарабынан уюштурулган окуучунун жетишкендиги, жүрүм-туруму жана ден-соолугуна байланыштуу иш-чараларга (спорттук иш-чара, экскурсия, ата-энелер чогулушу, ж.б.) катышуу;

          2.3.7. Мекемеге (класс жетекчи, тарбиячы) телефон аркылуу кеминде эки жумада бир жолу окуучунун ден–соолугу, окуу–тарбия процесси ж.б. тууралуу сурап туруу;

          2.3.8. Ата–эненин адреси жана телефону өзгөргөн учурда Мекемеге (класс жетекчи, тарбиячы, катчы) билдирүү;

          2.3.9. Окуучуну жуманын башында Мекемеге алып келүү жана аягында Мекемеден алып кетүү же окуучунун өз алдынча келип кете тургандыгына макулдугу боюнча тил кат жазып берүү;

           

          2.4. Ата–энелердин укуктары:

          2.4.1. Мекеме жетекчилигинен Келишимдин 2.1.1.–2.1.9 пунктарындагы белгиленген шарттарын аткаруусун талап кылуу;

          2.4.2. Келишимди себептүү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бузуу. Мында Мекеме окуучунун Мекемеде окуган, тамактанган жана жашаган учуруна байланыштуу сарпталган чыгымдарды алып калат.

           

          1. Взносторду төлөө шарттары

           

            1. Мекемеге окуучунун Мекемеде окуу, жашоо жана тамактануусу үчүн каражат ата-энелер тарабынан  төлөнөт.

          3.1.1. Келишимге ылайык ата-энеден бир жылдык окуу жылы үчүн окуу төлөмү алынат;

          3.1.4. Мекеменин мугалимдери уюштурган экскурсиялар, пикниктер ж.б. коомдук иштердин чыгашалары ата – энелер менен Мекеме ортосунда каржыланат.

          3.1.5. Мекемедеги окуучулардын жеӊилдиктери (скидкалары) Мекеменин финансылык абалына жана педагогикалык кеӊештин чечимдерине жараша  окуучунун тарбиясына жана окуудагы жетишкендиктерине карата жыл сайын өзгөртүлүп турат.

          3.1.6. Окуу төлөмү ар бир окуу жылынын башында азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө жараша ата-энелерден, Мекеменин байкоочу кенешинен жана Мекеменин админстрациясынын мүчөлөрүнөн турган комиссиянын чечими менен өзгөртүлөт.

          3.1.7. Төлөмдөр төлөө графигинен кечиктирилсе, окуучу сабактан четтетилет же күнүмдүк төлөнбөгөн сумманын 10 % туум кошулуп төлөнөт.

           

          1. Форс мажордук абалдар

           

            1. Келишимди толугу менен же анын бир бөлүгүн аткаруу мүмкүн болбой турган, тактап айтканда өрт, табигый кырсык (сел, жер титирөө ж.б.) согуш, аскердик абалдын бардык түрү, көтөрүлүш, тосуу жана башка келишимге кол коюшкан тараптарга байланыштуу болбогон жагдайлар пайда болгондо эч бир тарап келишимди толугу менен же анын бир бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

           

          5. Келишимди өзгөртүүнүн жана бузуунун тартиби

           

          5.1. Келишим эки тарап кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

          5.2. Келишим мөөнөтүнөн мурда 2.2.3. жана 2.4.2.пунктарына ылайык бузулушу мүмкүн.

          5.3. Келишим мөөнөтүнөн мурда бузула турган болсо,  калган окуу күндөрүнүн санына жараша төлөмдүн  10% өлчөмү  кармалып калат.

          5.4. Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки тарап тарабынан кол коюлуп, ал тууралуу жазуу жүзүндө белгиленгенде гана жарактуу болот.

          5.5. Келишимде пайда болгон бардык пикир келишпестиктер эки тараптын өз ара сүйлөшүүлөрү менен чечилет. Талаштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилбеген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот аркылуу чечилет.

          5.6. Бул келишим кыргыз тилинде эки нускада түзүлдү жана эки тарап тең кол коюшту. Эки нуска тең бирдей юридикалык күчкө ээ. Ар бир тарапта келишимдин бирден нускасы барилди.

           

          6. Тараптардын реквизиттери

           

          Мекеме

          Ата-эне

           

          «Кут билим» Ысык–Көл окуу-тарбия комплекси» мекемесинин

           

          каттоо номери: 142311-3302-М;

          ИСН: 02111201410300;

          Юр. дареги: Кыргыз Республикасы,

          Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү, 72;

          Тел. (факс):________________________

          ___________________________________

           

          Директору –Р.Карпеков  _____________

                                                    (кол тамгасы)

           

           

          (мөөрү)

           

           

           

          Аты – жөнү: _______________________

          ____________________________________

           

          Паспорт номери: ____________________

          Берген орган: _______________________

          Берилген дата: ______________________

           

          Дареги: _____________________________

          _____________________________________

          Тел.: ________________________________

          Е-mail: ______________________________

           

          Кол тамгасы: _________________

           

           

          7. Төлөмдөрдүн графиги

           

          Төлөмдөр:

          Датасы:

          Колу:

          Эскертүү:

          1-төлөм

           

           

           

          2-төлөм

           

           

           

          3-төлөм

           

           

           

          4-төлөм

           

           

           

          5-төлөм

           

           

           

          6-төлөм