• Педагогикалык кеңешменин ЖОБОсу
          • Педкеңештин жобосу

          •         

              

             

            Педагогикалык кеңешме жөнүндө

            ЖОБО

            1. ЖАЛПЫ ЖОБО

            Педагогикалык кеңешменин максаты жана милдеттери

            Педагогикалык кеңешменин максаты:

            • Окутуу-тарбиялоо иштеринде сапаттуулуктуу камсыз кылуу жана эффективдүү ыкмаларды колдонуу үчүн педагогикалык коллективдин бардык күч-аракетин бириктирүү;

            Педагогикалык кеңешменин милдеттери:

            • Педагогикалык жетишкендиктериди, алдыңкы тажрыйбаларды, жаңы технологияларды практикада колдонуу, жайылтуу;
            • Окутуу-тарбиялоо ишинин деңгээлин жакшыртуу;
            • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун үйрөтүүнү камсыз кылуу;
            1. Педагогикалык кеңештин ишинин мазмуну

            Педагогикалык кеңеш лицейдин дайыма иштөөчү органы болуу менен окутуу-тарбиялоо ишинин негизги маселелерин карайт.

            Педагогикалык кеңешме төмөндөгүлөр боюнча чечим чыгарат:

            • Педагогикалык кадрларды, сааттарды бөлүштүрүү, мугалимдин ишин баалоо жана аттестациялык мүнөздөмө берүү жөнүндө;
            • Лицейдин Уставын, программасын кабыл алуу жөнүндө;
            • Окуучулардын ар кандай ийримдердин, студияларын, коомдорун түзүү жөнүндө;
            • Окуучуларды бүтүрүү жана көчүрүү экзамендерине жиберүү, экзамендерден бошотуу, ордунда калтыруу жөнүндө;
            • Негизги билим берүү күбөлүгүн жана орто билим жөнүндөгү аттестат берүү жөнүндө;
            • Лицейдин күндөлүк режими жөнүндө;

            Педагогикалык кеңешмеде каралат:

            • Окутуу, тарбиялоо процессинин абалы жана өнүгүшү, билим берүүнүн сапаты;
            • Методикалык бирикме, секция, кафедралардын иштеринин отчету;
            • Лицейдин матеиалдык-техникалык базасын чыңдоо;
            • Педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу;

            Аттестациялык комиссиянын отчету жана рекомендацияларынын аткарылышы, аттестация;

            Педагогикалык кеңеш дисциплина советинин кайрылуусу боюнча окуучуларды лицейден чыгаруу жөнүндө маселени карайт.

            Педагогикалык кеңеш бир жылда 2 жолу жетекчилигинин ишин угуп, ишмердүүлүгүнө баа берет.

            З.Педагогикалык кеңештин курамы жана ишинин уюштурулушу

              1. .Педагогикалык кеңештин курамында директор, директордун орун басарлары, мугалимдер, тарбиячылар, китепканачы кирет.
              2. 3арыл учурунда педагогикалык кеңештин курамында директор, директордун орун басарлары, мугалимдер, тарбиячылар, китепканачы кирет.
              3. Педагогикалык кеңеш окуу жылы үчүн өз ичинен секретарь шайлап алат.
              4. Педагогикалык кеңеш 1 окуу жылы үчүн түзүлгөн, заседаниеде бекитилген план боюнча иш алып барат.
              5. Педагогикалык кеңешме 1 окуу жылында 4-5 кеңешме өткөрөт.
              6. Педагогикалык кеңешмеде чечимдер ачык добуш берүү менен жүргүзүлөт.

            Добуштар тең абалда болсо, директорду добушу чечүүчү мааниге ээ. Педагогикалык кецештин чечими бардык коллектив мүчөлөрү үчүн милдетгүү жана директордун буйругу менен ишке ашырылат.

              1. Директор кийинки педагогикалык кецешмеде мурдагы чечимдердин аткарылышы жөнүндө отчет берет.
              2. Педагогикалык кецештин мүчөлөрү кецешмеде мурдагы чечимдердин аткарылышы жөнүндө жыйынтык отчет берет.
              3. Директор педагогикалык кецештин чечими менен макул болбосо, ишти кароо үчүн генералдык дирекцияга кайрылат.

            Педагогикалык кецешмеде токтом жазылат. Терага жана секретарь кол коёт. Токтом 5 жылга чейин сакталат.                           

          •  

             

          • Aliquam congue fermentu
          • Etiam lacinia feugiat libero, quis sodales metus porta quis. Proin maximus feugiat ipsum id rhoncus. Donec quis dolor eu est sagittis cursus sed eu ex. Suspendisse bibendum dignissim justo. Aliquam vestibulum magna at iaculis eleifend. Sed mattis ligula et sem egestas rutrum. Vestibulum