Окуучу кодекси
.^-яявяя»,, «Бекитемин»
билим" ОТКныимүдүрү
“Кут билим” ОТКсынын кодекси
Мектеп - бул окуунун гана орду эмес. Бул - гуманисетйй^принтарте^зүлгөн жана окуучунун ар-намысынын Кодексинин жобосуна бекиген жашоон\Фч^^ти^^С^<
Окуу-тарбия комплекстин ар бир окуучусу окууга мотивЗДЙяланыш керек, б.а. ал эмнеге үйрөнүп жаткандыгы үчүн өзүнө отчет бериш керек. Бекем билим жана жакшы адеп-окуучунун
биринчи максаты.
Ар бир окуучу үчүн өзүнүн коз карашы жана ага туруу мүнөздүү.
Жүрүш-туруштун элементардык эрежелерин сактоо-окуучунун журүш-турушунун табигый формасы: жогорку маданият, интелегенттүүлүк мектеп окуучусунун максаты жана умтулуусу. Жалкоолор жана бекерпоздор-биздин арабызда жок.
Окуучу мугалимдер, жана трбиячылар менен жалпы тил табууга жөндөмдүү болушу керек. Улууларга урмат жана бири-бирине сый-мектептеги бир туугандыктын негизи. Улуу окуучунун кичүүсүнө болгон камкордугу мектептин келечегин камсыз кылат.
Окуучунун сырткы көрүнүшү, мектептин ирээтүүлүгү, тазалыгы жана курчап турган чөйрө биздин камкордугубузга муктаж.
Биз чындык менен жашоого умтулабыз. Кимде ким айткан сөзүн аткара билсе, ал сый урматка татыктуу. Калп жашоону бузат.
Тамеки чегүү, жаман адаттар, алкоголь ичимдиктерин жана наркотиктерди колдонуу, у;;ук<я карты аракеттер окуучунун наамына ылайык келбейт.
Турмуштук активдүү позиция-биздин урааныбыз. Макул болбосоң, өз оюңду сунуш кыл. Сунуш кылган ишинди өтөсүнө чыгар. Бул кодекстин аткарылышы мектептин өркүндөп өсүшүн камсыз
кылат.
Окуучулар укуктуу:
- Мамлекеттик стандарттагы мектептин Уставына ылайык билим алууга;
- Окуу процессинде лаборатория, кабинет, китепкана, компьютер, ашкана кызматы, медициналык кабинеттерден пайдаланууга;
- Предметтик клубдар жана кружокторду тандап, алардын ишине катышууга;
- Мектептин парламентине добуш берүүгө жана шайланууга;
- Мектептин жатаканасынан орун алууга;
- Окуучуларга уюштурулган жалпы лицейдик иш чараларга катышууга;
- Өзүнүн укугун коргоого жана окуу-тарбия процессинин сапаты тууралуу пикир айтууга;
- Окуучулар арасында өткөрүлгөн ар түрдүү шаардык, республикалык сынактарга катышууга;
- Мамлекеттик үлгүдөгү бүтүрүү аттестатын алууга.
- Ар кандай деңгээлдеги ( мектептик, шаардык, областтык, республикалык ), ар түрдүү кароо- сынактарга, конкурс, олимпиадада катышууга;
Окуучулар милдеттүү:
- Билим берүү программасында жана окуу пландарга көрсөтүлгөн окуу тапшырмаларды аткарууга;
- Жадыбалда түзүлгөн сабактарга катышууга, себепсиз сабакка келбей калбоого;
Сабакка кечикпое, кечиккен учурда администрациянын уруксаты менен гана кирүүгө;
- Сабакка мектептик формада келүү (мектеп тарабынан берилген форма жана кара туфли). Дене тарбия сабактарына гана спорттук формада келүүгө;
- Ар түрдүү окуу китептерине жана жалпы мектеп буюмуна этияттык менен мамиле жасоого ( зыян келтирген учурда буюмдун баасынын көлөмүндө штраф салынат);
- Форманы, окуу кабинеттерин, жатаканадагы жаткан ордун тазалыкта кармоого;
- Мамлекеттикн символдорун билүүгө жана сыймыктанууга;
- Мектептин традицияларын урматтоого;
- Мектептин Уставына, окуучулар үчүн эрежелерге жана башка лицейдин актыларына баш ийүү;
- Мектептин ички эрежелерин так аткарууга, башкалардын ар намысын сыйлоого, лицейдин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
- Санитардык-гигиеналык нормаларды, техникалык коопсуздук эрежелерин, өрткө каршы талаптарын аткарууга;
- Мектептин мүлкүнө этият мамиле кылууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана окуган, жашаган жерин баалоого;
- Электр энергиясын жана сууну үнөмдүү пайдаланууга;
- Окуучу күндөлүк режимди так аткаруусу керек.
- Ашканадагы, жатаканадагы эрежелерди бузбоого тийиш.
- Сабакка дайыма даярданып келүүгө милдеттүү. Даярдыксыз, калемсиз, дептерсиз келген окуучуну мугалим сабактан чыгарып жиберүүгө акылуу.
- Спорттук кийимчен, үй-кийимчен, галстуксуз сабакта отурууга болбойт. Сабакка ак көйнөк, костюм-шым, туфли, галстукчан келиши керек.
- Сабактарга 2 ден коңгуроо берилет. 1-коңгуроо окуучулар үчүн. Бул убакытта окуучу сабакка даяр болуп, мугалимди күтүшү керек.
- Сабактан себепсиз кечигип калган окуучу окуу иштери боюнча директордун жардамчысынан уруксат кагаз алып келиши керек. Ооруп калган окуучулар болсо, врачка кайрылып, справка алышы керек.
- Сабак учурунда сабакка себепсиз кирбей жүргөн окуучулар дисциплина советинде каралат.
- Танапистерде корпуста кубалашып чуркоого, күрөшүп ойноого, топ ойноого, тепкичтен шыпырылышып түшүп ойноого, кыйкырууга, урушууга тыюу салынат.
- Окуучулардын бири-бирине жаман мамиле кылуусуна, үстөмдүк кылуусуна, сөгүнүүгө.түкүрүнүүгө, жөөлөп кетүүгө, семичка чагууга катуу тыюу салынат. Окуучулар этикалык нормаларды сактоого милдеттүү.
- ♦♦ Окуучуларга танапистерде мектептен сыртка чыгуу үчүн директордун жардамчысынан уруксат алуу керек.
- Окуучу өзүн дайыма тыкан, таза алып жүрүүсү керек. Чачы, тырмактарын, кийимдерин талапка ылайык алып жүрүүсү зарыл. Санитардык-гигиеналык эрежелерди сакташы керек.
- Окуучулар техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого милдеттүү
- Сабактар лабораторияларда өткөрүлгөн учурда кабинеттердин инструкцияларында көрсөтүлгөндөрдү аткарышы керек.
- ♦ Окуучулар сабактан кийин мектептин сыртына чыгуу үчүн жатакана директорунан уруксат алышы керек.
- Сырттан келген өзүнөн улуу адамдарга салам берүүсү зарыл.
- Танапистерде корпустун параддык эшигин эмес, 2 жактагы кошумча эшиктерди колдонуу керек.
- Линейкаларга оз убагында тизилиши керек. Линейкага бир нече жолу себепсиз келбесе, дисциплина советине чакыртылат.
- Этюд убагында кийинки күндүн сабагына даярдануусу керек. Этюдда окуучуларды жоктоо жүргүзүлөт.
- Окуу куралдарын, китеп, дептерлерин таза карман, китеп, дептерлер сыртталган болуусу керек.
Окуучулар жүрүш-турушуна карата тартип бузган окуучулар дисциплина комитетинде каралат.
Плейер, радио, телефон сыяктуу нерселер.
Магнитофон, плейер, радио, кол телефондору сыяктуу электрондук жана заряддалуучу нерселерди сабак учурунда окуу жайдын имаратынын ичинде, жатакана жана бакчада пайдаланууга тыюу салынат.
Тамеки тартуу
Окуу жайында, жатаканада, бакчада тамеки тартууга катуу тыюу салынат. Бул тартипти одоно бузгандар тартипти сактоо комиссиясына берилет жана жаза колдонулат. Эгер бул иштен ? тартпаса окуу жайынан чыгарылуусу кутулот.
Оз ара байланыш.
Окуучулар жоро-жолдошторуна, мугалимдерге, болум башчыларына жана башка жумушчуларга жолугушууга келген адамдарга, меймандарга сылык, жумшак мамиле кылуулары зарыл.
Окуу жайынын буюмдары.
Окуучулар окуу жайындагы, жатаканадагы көпчүлүктүн кызыкчылыгы учун пайдаланууга берилген буюм тайымдарды зыянга учуратпай пайдалануулары керек. Пайдаланууга берилген буюмдардын ардун алмаштырып, бөлүндүрүүгө, уурдап алып кетүүго жол берилбейт. Эгер мындай учурлар боло турган болсо окуучу же окуучунун жакындары толоого тийиш.
Ичип жей турган нерселер.
Окуучулар буфет жана ашканадан, окуу жайдын ичинде, жатаканада, бакчада ичип жешке болбойт. Окуу жайдын айланасында сагыз чайноого катуу тыюу салынат.
Окуусун улантуу : (сабак калтырбоо)
Сабактан калбоо окуучунун жана ата-эненин эн маанилүү жоопкерчилигинен болуп саналат. Окууеун туура жүргүзүү окуучунун аракет кылуусун күчөтөт жана эн жакшы ийгиликтерге жетуунун эн негизги себеби болуп эсептелет.
Сабак калтыруу:
- Окуучу эн коп дегенде (максимум) бир жыл ичинде 45 кун, ал эми себептуу, себепсиз болуп 19 кун сабак калтырууга укуктуу. Чейректин башталышында 9 кун сабак калтырууга укуктуу. Бир чейректе 9 кун сабак калтырган окуучулар ошол чейректеги экзаменге кирүүго акысы жок.
- Сабакка келе албай турган себептерин окуучунун ата-энеси класс жетекчисине, директорго билдируусу зарыл. Эгерде бул иш аткарылбаса окуучу сабакка катышпаган болуп эсептелет.
- Уруксатсыз сабак калтырган учурда сабакта берилген тапшырмалардан экзаменде созсуз жооптуу болуп эсептелет.
- Окуучунун ата-энесине сабак калтыргандыгы тууралуу маалымат берилип турат.
- Сабак калтыруунун натыйжасында жаза алууга туш келген окуучу комиссия тарабынан окуучунун уй-булосунун , класс жетекчисинин чечими менен аныкталат.
Сабакка кечигүү:
- Мугалим учун кагылган конгуроодон кийин класска кирген окуучу кечиккен болуп саналат.
- Сабакка кечиккен окуучу мугалимдин кабыл алуусу менен сабакка кире алат, ошондой эле мугалим окуучудан директордун орун басары бере турган справка талап кылышы мумкун.
- Сабактан беш мүнөт кечиккен окуучу сабакта жок деп жазылат. (мугалимдин окуучуну сабакка кабыл алуусу да мүмкүн).
- Торт жолу сабакка кечигип келген окуучу ошол кундун сабактарына келген жок деп жазылат.
Ооруга байланыштуу абалдар:
Окуу жайында ооруп калган окуучу төмөнкү иш-чараларды аткаруусу зарыл:
- Сабак учурунда сыркоолоп калса мугалиминен, бош учурунда сыркоолоп калса дежурстводон же директордун орун басарынан , сабактан кийин болсо жатакананын директорунан уруксат алып , ооругандыгы тууралуу маалымат бериши керек.
- Ооругандыгы окуу жайынын врачы тарабынан аныкталуусу керек.
- Эгер окуучунун оорусу катуу болсо ага жардамчы катары тарбиячысы же класс жетекчиси кошулуп ооруканага жиберилет.
- Окуучулар жалган шылтоо менен сабакка барбай жатаканага жатып алган болсо, ошол күнкү сабактарга катышкан жок деп эсептелинет.
Эгер окуучу оору болсо, мектеп директорунун орун басарынын колу коюлган, врачтын берген справкасын алып сабакка катышпоого укуктуу.
- Педкеңештин жобосу
- Усулдук кеңштин жобосу
- Ата-энелер комитети жңөнүндө жобо
- Ички тартип эрежелеринин жобосу
- Мектептин ички көзөмөлү жөнүндө жобо
- Китепкана жөнүндө жобо
- Баа коюу тууралуу жобо
- УБнын жобосу
- Эл. журналда иштөө жобосу
- Жүрүм- турум эрежелери
- Окуучунун жүрүм-турум эрежелери
- Окуучу кодекси
- Коопсуздук эрежелер
- Сан-гигиеналык эрежелер
- Жолдо жүрүү эрежелери
- Травматизм
- Аппеляциялык жобо
- Олимпиадалык жобо