Ата-энелер комитети жңөнүндө жобо
“Бекитемин”
«Кут билим» Ысык-Көл ОТКсынын мүдүрү:
Карпеков Р.Ж.________________
Мектептин ата-энелер комитети жөнүндө жобо
1.Жалпы жоболор
1.1. Жалпы мектептик ата-энелер комитети өзүн-өзүнүн башкаруунун бир формасы болуп эсептелет.
1.2. Жалпы мектептик ата-энелер комитети окуучулардын ата-энелер коомдук бирикмесинин шайлоо органы.
1.3. Жалпы лмектептик ата-энелер комитети педагогикалык кеңеш, мектептин администрациясы менен биргеликте иш алып барышат.
2. Жалпы ата-энелер комитетинин составы
2.1. Комитеттин курамына ар класстын ата-энелеринин класстык чогулушунда шайланган ата-энелердин 2 өкүлү кирет. Жалпы мектептик ата-энелер комитетинин биринчи чогулушунда төрага шайланат. Төрага андан ары комитеттин ишин уюштурат.
2.2. Төрага же төрөайым бир жылга шайланат.
2.3. Комитеттин чогулушу бир чейректе бир жолу өткөзүлөт.
3. Жалпы ата-энелер комитетинин компетенциясы
3.1. Педагогикалык коллективге окуу жана тарбия маселелери боюнча жардам көрсөтөт.
3.2. Комитеттин компетенциясына төмөнкү сунуштарды иштеп чыгуу кирет:
- Окуучулардын укугун жана закондуу кызыкчылыктарын коргоо
- Билим берүү процессин жакшы уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү
- Окуучулардын ден-соолугун чыңдоо жана коргоо
- Окуучулардын бош убактысын маанилүү колдонууну уюштуруу
- Жаңы окуу жылына мекемени даярдоо.
3.3. Жалпы мектептик ата-энелер комитетинин сунуштары педкеңештин чогулушуна киргизилет же администрация тарабынан чечим чыгарууга калтырылат.
3.4.Комитет ушул жобонун негизинде иш алып барат.
- Педкеңештин жобосу
- Усулдук кеңштин жобосу
- Ата-энелер комитети жңөнүндө жобо
- Ички тартип эрежелеринин жобосу
- Мектептин ички көзөмөлү жөнүндө жобо
- Китепкана жөнүндө жобо
- Баа коюу тууралуу жобо
- УБнын жобосу
- Эл. журналда иштөө жобосу
- Жүрүм- турум эрежелери
- Окуучунун жүрүм-турум эрежелери
- Окуучу кодекси
- Коопсуздук эрежелер
- Сан-гигиеналык эрежелер
- Жолдо жүрүү эрежелери
- Травматизм
- Аппеляциялык жобо
- Олимпиадалык жобо