Баа коюу тууралуу жобо
7билим»ОТКнын мүдүрү
Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин
- Жалпы жоболор
- Бул Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо системасы жөнүндөгү жобо мектептеги окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун структурасын аныктайт, билим берүү мекемесиндеги баалоонун технологиясын жана уюштуруусун бекитет, аралык жана жыйынтыктоочу аттестациянын эрежелерин жана тартибин түшүндүрөт.
- Бул Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо системасы жөнүндөгү жобо КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде №, Мамлекеттик билим берүүдөгү стандарттар, мектептин билим берүү программалары , мекеменин Уставы жана мамлекеттик жана регионалдык деңгээлдеги нормативдик актылардын негизинде иштелип чыккан.
- Бул Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо системасы жөнүндөгү жобо мектептин локалдык актысы болуп эсептелип, өзгөртүү жана толуктоо укугуна ээ болуп,мектептин Педагогикалык кеңешмесинде каралат жана бекитилет. Билим берүү ишмердүүлүгүнүн катышуучуларына аткарууга милдеттүү болуп эсептелет.
- Окуучулардын билим берүүдөгу жетишкендиктерин баалоо системасынын максаттары
- билим берүүнүн жетишкендиктерин баалоонун бирдиктүү критерийлерин калыптандыруу;
- окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктеринин абалы жана анын денгээлине таасир кыла турган андагы өзгөрүүлөрдүн тенденциясы жана себептери жөнүндө объективдүү маалымат алуу;
- билим берүү менен байланышкан чечимдерди кабыл алганда билим берүү кызматын алып жаткан тараптардын маалыматка ээ болуу даражасын жогорулатуу;
- жалпы билим берүү мекемесинин администрациясынын башкаруудагы негиздүү чечимдерин кабыл алуу.
- Мектептеги окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо системасынын маселелери :
- билим берүүдөгү жетишкендиктердин жана жолдорунун өлчөөдө бирдиктүү критерийлерди түзүү;
- окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөл жана баалоодө объективдүүлүктү жогорулатуу;
- билим берүүдөгү жетишкендиктерге системдүү анализ жүргүзүү жана окутуу процессине керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- билим берүү процессинин бардык катышычууларына өзүн-өзү баалоо жана анализ кылуу шарттарын түзүү;
- окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо процедурасына катышкан билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү
- Окуучулардын билим берүүдөгу жетишкендиктерин баалоо системасын түзүү принциптери
- объективдүүлүк, ачыктык, маалыматтын системдүүлүгү жана толук болушу;
- билим берүүдөгү окуучулардын жетишкендиктерине талаптардын жана нормалардын реалисттүүлүгү;
- баалоо процедурасынын ачыктыгы жана айкындуулугу;
- күтүлгөн жыйынтыктарды алууну прогноздоого мүмкүнчүлүк бере турган алынган жыйынтыктардын прогоносттуулугу;
- окуучулардын билим берүүдөгу жетишкендиктеринин абалы тууралуу кызмат колдонуучуларына маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
- баалоо процедурасын жүргүзүүдө моралдык-этикалык нормалардын сакталышы.
- Жалпы билим берүү мекемесинин баалоо системасы өзүнө төмөнкүлөрду камтыйт: окуучулардын аттестациясы, баалоонун технологиясы, билим берүү программаларынын өздөштүрүүнү контролдоонун формалары окуучулардын жеке (личностных), предметтик жетишкендиктерин баалоодо комплекстик жакындоону (подход) камсыз кылууга багытталган.
- Окуу программасын өздөштуруү 7-11 класстарда баалоонун “5” балдык шкаласы аркылуу аныкталат:
- “5” (эң жакшы);
- “4” (жакшы);
- “3” (канааттандыраарлык);
- “2” (канааттандыраарлык эмес).
- Билим берүүдөгү“5” баллдык шкалага баалар төмөнкү схема аркылуу ишке ашырылат:
- Окуу программасын өздөштүрүү 7-9 класстарда чейрек аралык аттестация, 10-11 класстарда жарым жылдык аттестация менен коштолот. Жылдык аттесттациянын жыйынтыктары 7-8 жана 10 класстардын окуучуларын кийинки классска көчүрүүгө негиз болуп эсептелет.
- 9 жана 11-класстарда жыйынтыктоочу аттестация КРнын билим берүү стандарттарында көрсөтүлгөн формада жана тартипте жүргүзүлөт
- 7-11 класстардагы аралык аттестация КРнын “Билим берүү жөнундөгү” мыйзамдарына ылайык текшерүү иши, тестирлөө, долбоорлорду жактоо, диктант, зачёт формасында жүргүзүлөт.
- Аралык аттестациядагы бир же бир нече предметтен алынган канааттандыраалык эмес жыйынтыктар же аралык аттестацияга себепсиз катышпоо академиялык карыз болуп эсептелип, окуучу мектеп белгилеген мөөнөттө жоюуга милдеттүү.
- Мектептеги аралык жана жыйынтык ички көзөмөлдү мугалимдер жана администрация жүргүзөт. Көзөмөлдүн формасы жана мезгилдүүлүгү ар бир предмет боюнча жумушчу программага ылайык мугалим тарабынан аныкталат.
- Баалоо системасында көзөмөлдүн төмөнкү негизги түрлөрү аныкталган:
Программаны өздөштүрүүнун сапаты
Жетишүүнүн деңгээли
“5” баллдык системадагы баанын чагылдырылышы
95- 100%
максималдык
“5” жана “5”
86 - 94%
программ дык/ жогорулатылган
“5”
66 - 86%
программдык
“4”
50 - 65%
талап кылынган/базалык
“3”
50% төмөн
талап кылынгандан төмөн
“2”
- алдын ала көзөмөл, окуу жылынын башында жүргүзүлөт жана диагностикалык мүнөзгө ээ. Максаты: алдыдагы ишмердүүлүккө байланышкан окуучулардын даярдыгынын, билимдеринин баштапкы деңгээлин аныктоо;
- аралык, тематикалык көзөмөл (контроль) окуу ишмердүүлүгун жүргүзүлгөндөн кийин алынган жыйынтыктардын үлгү менен салыштыруу ыкмалары жүргүзүлөт;
- билим берүүчүлүк жетишкендиктердин жеке динамикасынын көзөмөлү;
- окуу чейрегинин жана окуу жылынын акырындагы жыйынтыктоочу көзөмөл билим берүүчүлүк жыйынтыктарды комплекстүү текшерүүнү өзүнө камтыйт.
- Көзөмөлдүн ыкмалары, каражаттары жана формалары билим берүүнүн жыйынтыктарын комплекстүү баалоого, ошондой эле окуучуларга педагогикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.
- Жеке жана предметтик жыйынтыктарды фиксациялоо электрондук күндөлүк аркылуу ишке ашырылат.
- Баалоонун технологиясы
- Баалоо ишмердүүлүгүнүн максаты
- Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо, ошондой эле мектептин жана педагогикалык кадрлардын ишмердүүлү баалоо ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана максаттары болуп саналат . Диагностиканын негизги максаты - мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу аттестацияга даярдыгын аныктоо.
- Окуучулардын жеке жыйынтыктары жеке инсандык универсалдуу окуу иш аракеттери аркылуу үч негизги багыт аркылуу белгиленет:
- Баалоо ишмердүүлүгүнүн максаты
- жарандык негиздердин калыптанышы;
- окуу-билгичтик мотивациянын негиздеринде өзүн өзү окутууга өтүүгө даярдыгы. ошондой эле профилдик билим берүүнү тандоого даярдыгы;
- моралдык нормаларды, баалуулуктардын негиздерин, социалдык жана инсан аралык мамилелердин тажрыйбасын өзүнө камтыган социалдык компетенттүүлүктөрдүн калыптанышы,
-
- Предметтик жыйынтыктарды баалоо окуучулардын ар бир предмет боюнча пландалган жыйынтыктарды баалоону билдрет. Бул жыйынтыктарды калыптандыруудагы билим берүү процессиндеги негизги компоненттер - окуу предметтери.
- Жыйынтыктарды баалоо
- Жыйынтык баага негизги жалпы билим берүүдөгү предметтик жыйынтыктар чыгарылат.
-
жыйынтык баа төмөнкүлөрдүн негизинде калыптанат:
- бардык предметтер боюнча билим берүү жетишкендиктеринин мектеп ичиндеги мониторинги, анын ичинде аралык жана жыйынтык предмет аралык комплекстүү иштер;
- бардык предметтер боюнча аткарылган иштердин баалары;
- жеке долбоорлордун жан изилдөөчүлүк иштердин жактоосу үчүн баалар;
- мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга чыгарыла турган иштер үчүн баалар.
-
- Аралык аттестация (жыйынтыктоочу контроль) 10-11 класстарда төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:
-
- жыйынтыктоочу котролдук иш, тестирлөө, реферат, долбоор, изилдөөчулүк иш жактоо:
- предметтик тестирлөө
-
- Аралык аттестация болжолдуу 20 - 30 май аралыгында өткөрүлөт. Педагогикалык кецешменин чечими менен 3 предмет белгиленет жана мектеп директору тарабынан бекитилет. 2-3 күн аралыгы менен күнүнө бир аралык аттестация өткөрүлөт.
- Баалоо процедурасы
- предметтик жыйынтыктарды баалоо метептин жогорку класстарында ийгиликтүүлүктүн үч децгээли менен жүргүзүлөт:
-
- максималдык;
- програмдык;
- базалык.
Бардык децгээлдер “5” баллдык шкала менен корреляцияланат.
- Документацияны жүргүзүү
- Жалпы жобо
- Аралык аттестациянын жыйынтык баалары электрондук журналда жана окуучулардын өздүк делосунда окуу жылынын 31 майына чейин чагылдырылат.
- Окуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) аттестациянын жыйынтыгында окуучу тараптан алган канааттандыраарлык эмес баалар жөнүндө өз убагында кабардар болушу керек.
- Аралык аттестациядагы окуучулардын жазуу иштери мектеп иш кагаздарында бир жылдык мөөнөттө сакталат.
- Окуучунун чейректик же жарым жылдык баасы контролдук, практикалык иштердин, ооз эки жооптордун контролдук мүнөздөгү баасынан жогору боло албайт. Чейректик же жарым жылдык баалар мугалим тарабынан окуучунун үчтөн кем эмес баасы болгон учурда чыгарылат. Окуучунун чейректик баалары бирдей болгон учурда жыйынтыктоочу баа катары акыркы чейрнктин баасы коюлат.
- Чейректик, жарым жылдык жана жылдык баалар каникул башталганга үч күн калган убакытка чейин коюлат. Класс жетекчилери аттестациянын жыйынтыктары жана педагогикалык кеңештин көчүрүү жөнүндөгү чечимин окуучуларга жана ата-энелерге кабарлайт. Окуу жылынын баалаары томен болгон учурда жазуу түрүндө ата-эненин таанышкандыгы туралуу датасы жана колу коюлган түрдө.
- Документациянын мугалим тарабынан жүргүзүлүшү
- Мугалим ар бир предмет боюнча педагогикалык ишмердүүлүктү пландоонун негизи болгон календарлык-тематикалык планды бир жылга түзөт .
- Электрондук журнал мугалимдик негизги документа болуп эсептелип жумушчу программа жана тематикалык планга ылайын күн сайын толтурулат.
- предметтер боюнча бардык текшерүү иштери төмөнкү тартипте бааланат: алгач бардык берилген тапшырмалар бааланат, баллдардын суммасы аныкталат, проценттик мааниге которулуп “5” баллдык шкалага корреляцияланып коюлат.
- Окуучунун кийинки класска же башка мектепке которгондо класс жетекчи предметтер боюнча аралык жана жыйынтыктоочу бааларды ездук делого белгилейт.
- Документациянын администрация тарабынан жүргүзүлүшү
- Мектеп администрациям! өзүнүн ишмердүүлүгүндө билим берүү процессинин ишке ашырылышын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында мугалимдердин, окуучулардын бардык керектүү материалдарын пайдаланат.
- Окуу процессинин бардык катышуучулары жөнүндөгү маалыматтар окуу иштери боюнча мектептин мүдүрүнүн орун басары тарабынан классификацияланат.
- Окуу жылынын жыйынтыгы боюнча бардык топтолгон материалдардын негизинде окуу иштери боюнча мүдүрдүн орун басары педагогикалык коллективдин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү боюнча анализ жүргүзөт.
- Жалпы жобо
- Жалпы жоболор
- Педкеңештин жобосу
- Усулдук кеңштин жобосу
- Ата-энелер комитети жңөнүндө жобо
- Ички тартип эрежелеринин жобосу
- Мектептин ички көзөмөлү жөнүндө жобо
- Китепкана жөнүндө жобо
- Баа коюу тууралуу жобо
- УБнын жобосу
- Эл. журналда иштөө жобосу
- Жүрүм- турум эрежелери
- Окуучунун жүрүм-турум эрежелери
- Окуучу кодекси
- Коопсуздук эрежелер
- Сан-гигиеналык эрежелер
- Жолдо жүрүү эрежелери
- Травматизм
- Аппеляциялык жобо
- Олимпиадалык жобо