Жоболор
Усулдук кеңштин жобосу
«Кут билим» Ысык-Көл ОТКсынын метод кеңештин максаты: мугалимдин, мектеп жетекчилеринин уставтагы, квалификациясын өркүндөтүү, окуу предмети жана анын методикасы боюнча эрудициясын, компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүү, окутуу-тарбиялоонун жаңы методикаларын, ыкмаларын, формаларын рационалдуу, чыгармачылык менен колдонууга багыт берүү.
Окутуу процессии өнүктүрүүгө багытталган милдеттер:
- сабактын жана сабактан тышкары иштердин жаңы формаларын жана методдорун издөө, үйрөнүү;
- сбактарга, сабактан тышкары иштерге катышуунун негизинде окутуунун сапаттуулугуна системалуу түрдө анализ жүргүзүү;
- окуучулардын сабактарга болгон кызыгуусун жогорулатуу, илимий-изилдөөчүлүк предметтер боюнча сабактан тышкаркы иштердин деңгээлин жогорулатуу;
- предметтик декалардын, кичи илимий-практикалык класстык, жалпы мектептик конференциялардын деңгээлине байкоо жүргүзүү;
- предметтик кабинеттердин жасалгалоосу;
- шыктуу, зээндүү окуучулардын ишин кружок, конкурс, илимий-практикалык конференция, олимпиада аркылуу өнүктүрүү;
- областык, республикалык предметтик олимпиадаларга сапаттуу даярдоо үчүн мектеп аралык олимпиада уюштуруу;
- административдик текшерүү иштерди жүргүзүү жыйынтыктоо;
- билим берүүнүн сапатынын мониторингин жүргүзүү;
- предметтик метод бирикменин ишине багыт берүү, диагностика жүргүзүү;
- мугалимдердин оз билимин өркүндөтүү боюнча иштерине багыт берүү;
- мугалимдердин методикаык проблемаларын, сабакка катышуунун жыйынтыктары. алдыцкы тажрыйба маселелерин талкулоо максатында системалуу түрдө метод бирикменин жыйынын өткөрүү;
- жаш мугалимдерге методикалык жардам;
- мектепте окутуу процессинин өзгөчөлүгүн аныктап, түшүнүк берүү;
- дидактикалык материалдар менен предметтик кабинеттерди жабдуу боюнча көрсөтмө берүү
- окуучулары баалоо системасын изилдоо (тесттик, модулдук ж.б.)
- предметтик сабактарды окутуу боюнча новациялар жөнүндө системалуу түрдө маалымат берүү (методикалык колдонмолордун, карталардын, фильмдердин, окуу китептер, программалар);
- мугалимдердин окутуу ишинде жаңы информациялык, педагогикалык технологияларды колдонуу, тажрыйбасын изилдеп, жайылтып туруу (сынчыл ой жүгүртүү, блоктын- модульдук, интерактивдүү методикалар. Традициялык эмес сабактын формалары группалык, экинден окутуу, өз алдынча иштео, интегрированный сабактар.);
- педагогикалык кадрлардын аттестациясына катышуу, ачык сабактар, тарбиялык иштерге, чыгармачылык отчетуна катышуу.
- Педкеңештин жобосу
- Усулдук кеңштин жобосу
- Ата-энелер комитети жңөнүндө жобо
- Ички тартип эрежелеринин жобосу
- Мектептин ички көзөмөлү жөнүндө жобо
- Китепкана жөнүндө жобо
- Баа коюу тууралуу жобо
- УБнын жобосу
- Эл. журналда иштөө жобосу
- Жүрүм- турум эрежелери
- Окуучунун жүрүм-турум эрежелери
- Окуучу кодекси
- Коопсуздук эрежелер
- Сан-гигиеналык эрежелер
- Жолдо жүрүү эрежелери
- Травматизм
- Аппеляциялык жобо
- Олимпиадалык жобо