• Эл. журналда иштөө жобосу

        •  

          Электрондук класстык журнал жөнүндө Жобо

          1. Жалпы Жоболор
            1. .Бул Жобо Электрондук класстык журналды ишке киргизүү боюнча бирдиктүү талаптарды иштеп чыгат ( кийинки саптарда электрондук журнал).
            2. .Электрондук класстык журналды жүргүзүү ар бир предметтик мугалим жана класс жетекчи үчүн милдеттүү болуп саналат.
            3. .Электрондук журнал - бул класстык журналды жүргүзүү үчүн зарыл болгон талаптарды ишке ашыруучу программалык каражаттардын комплекси (EduPage - электрондук журналы).
            4. . Электрондук журналды колдонуучулар: мектеп администрациясы, предметтик мугалимдер, класс жетекчилер, окуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү).
          2. Электрондук класстык журналдар аркылуу ишке ашырылуучу милдеттер

          Электрондук журнал төмөнкү маселелерди чечүүдө колдонулат:

            1. Окуучулардын сабакка катышуусу жана алардын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды сактоо.
            2. Маалыматтык базага киргиз.илген бардык жыйынтыктоочу кагаз материалдарды КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалымат базасында сактоо.
            3. Ар кандай убакытта бардык предметтер боюнча журнал ичиндеги бааларды көрүүгө мүмкүнчүлүктүн болушу.
            4. Чейректик, жарым жылдык жана жыйынтык бааларды коюудагы объективдүүлүк жогорулатылат.
            5. Администрациянын жана мугалимдердин мезгилдик отчетторун түзүүнү автоматташтыруу.
            6. Ар бир окуучунун, ар бир класстын жана бүтүндөй мектептин жетишүүсүн божомолдоо.
            7. Ата-энелерге балдарынын жетишкендиктери жөнүндө өз убагында, мезгил-мезгили менен маалымат берүү.
            8. Ата-энелерге окуучулардын жетишүүсү, сабакка катышуусу, үй тапшырмасынын берилиши, өтүлгөн сабактардын программалары жөнүндө интернет желесин колдонуу аркылуу маалымат берүү.
          1. Электрондук класстык журнал менен иштөөнүн
            эрежелери жана иштоо тартиби

          3.1.Электрондук класстык журналды алып барууда компьютердик технологияларды тейлөө боюнча жооптуу адис же ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басары жооптуу болуп эсептелет:

          Электрондук класстык журнал https://kutbilimotk.edu@gmail.com/ порталы аркылуу жеткиликтүү болот.

          1. Маалымат базасына колдонуучулардын мектеп администрациясынын, мугалимдердин, класс жетекчилердин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин толук маалыматын, тизмесин киргизет.
          2. Электрондук журналды колдонуу боюнча, окуу жылынын башында, сентябрь айында, мектептин администрациясына, мугалимдерге, класс жетекчилерге, окуучуларга жана алардын ата-энелерине ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басары же компьютердик технологияларды тейлөөчү адис тарабынан кирүү реквизиттери берилет (логин жана пароль).
          3. Жыл сайын окуу жылынын башталышында класс жетекчилер системага окуучуларды тизмеге ылайык класстарга бөлүп киргизишет.
          4. Бир нече электрондук сактагычтарга (катуу дисктерге, флешка) маалыматтык базаны киргизип, ал маалыматтар жоголуп кетпеши үчүн сактоого алынат.
          5. Системадан окуучулардын кыймылы (келип-кетүүсү) көзөмөлдөнөт.
          6. Техникалык жактан колдоо кызматы менен байланышта болот.
          7. Эгерде зарылчылык болсо электрондук журнал менен иштөө боюнча колдонуучуларга түшүндүрүлөт, маалыматтар берилет, семинар-окутуулар жүргүзүлөт.
          8. Окуучулар жана ата-энелердин электр.журналды колдонуусу боюнча мониторинг отчет чыгарат.
          9. Системанын колдонуучуларын маалыматтарды тартиби менен киргизип туруусун үзгүлтүксүз текшерип турат.
            1. Мектептин мүдүрү
          1. Билим берүү мекемесинин электрондук журналын оңдоо-түзөтүүсүз каалаган учурда маалымат алат.
          2. Электрондук журналдан чыгарылган кагаз документтердин вариантына кол коюп, мекеменин гербдүү мөөрү менен бекитилет.
            1. ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басары электрондук журналды толтурууну окуу жылынын ичинде мезгил-мезгили менен текшерип турат.
            2. Класс жетекчи милдеттүү:
          1. Окуучулардын жана алардын ата-энелери жөнүндөгү бардык актуалдуу маалыматтарды үзгүлтүксүз өз убагында системага толтурулушуна байкоо жүргүзүүгө. чейрек ичинде эн, аз бир жолу бардык маалыматтарды тактап, өзгөрүүлөргө толуктоолорду үзгүлтүксүз киргизүүгө;
          2. Класстагы окуучулардын мугалимдер тарабынан коюлган бааларын көзөмөлдөп, текшерип турууга жана мугалимдер тарабынан кетирилген кемчиликтер жөнүндө ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басарына өз убагында билдирүүгө;
          3. Ата-энелерге окуучулардын окуудагы жетишкендиктери жана тарбиясы жөнүндөгү маалыматтарды автоматтык түрдө алып туруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турууга:
          4. Компьтердик технологияларды тейлөо боюнча жооптуу адиске окуучулардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды системага киргизүүгө (жаңы окуучу келсе же мектептен кетсе).
            1. Предметтик мугалимдердин милдеттери:
          1. Мугалимдер оз убагында календардык-тематикалык пландардын негизинде алардын өтүлүшүн, сабактарга жетишүүсүн, катышууларын, үй тапшырмаларын так, туура жана убагында толтурууга;
          2. Электрондук журнал мугалим тарабынан сөзсүз сабак өткөн күнү толтурулат.
          3. Мугалим системалуу түрдө окуучулардын билимин текшерип, баалап, сабакка катышуусун жоктойт;
          4. Окуу жылынын башталышына чейин жумушчу программа түзүлүп, календардык- тематикалык пландагы окуу сааттарынын саны окуу планына дал келүүсү шарт;
          5. Бардык окуу предметтери кайсы тилде өтүлсө, ошол тилде толтурулат.
          6. 1-класстарда толук бир жыл, ал эми 2-класстарда 1-жарым жылдыкка чейин окуучулардын дептерлерине, күндөлүктөрүнө жана электрондук журналдарга баа коюлбайт.
          7. Окуучуларга электрондук журналга мугалимдердин логин жана сыр сөзү(пароль) менен кирүүгө катуу тыюу салынат.
            1. Ата-энелер жана окуучулар өздүк маалыматтарын көрүү үчүн гана электрондук журналды колдоно алат.
          1. Жыйынтык баалардын коюлушу

          Жыйынтык баалар окуучуларга чейректик, жарым жылдык, жылдык баалары негиздүү коюлушу керек. Окуучулардын чейректик, жарым жылдык бааларын объективдүү аттестациялоо үчүн черек ичинде эң аз 3-4 баа болушу (эгерде жумалык саат саны 2 саат болгон предметтерде) жана окуучулардын жазуу, лабораториялык, практикалык иштерин эске алуу керек.

          1. Маалыматтарды сактоо жана текшерүү
          1. Мектептин директору, ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басары, компьютердик маалыматтык технологияларды тейлоо боюнча жооптуу адис электрондук журнал боюнча үзгүлтүксүз функционалдык иш-чараларды камсыз кылат (интернет байланышын).
          2. Электрондук журналдардын толтурулушун ОТИ боюнча мудүрдүн орун басары 1 айда 2 жолу текшерип турат.
          3. Ар бир чейректин аягында электрондук журнал дыкаттык менен текшерилиши керек. Программанын өтүлүшү (окуу планынын календардык-тематикалык планга дал келиши) чейректик жана жыйынтык баалардын коюлушундагы обьективдүүлүктөргө көңүл бурулат.
          4. Класстык журналдардын текшерилиши, жыйынтыктары боюнча маалыматты ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басары мугалимдерге жана класс жетекчилерге берип турат.
          5. Ар бир окуу жылынын аягында электрондук журнал архивге өткөрүлөт. Журналдагы чейректик ведомостор, жыйынтоочу баалардын барактары принтерден чыгарылып, окуу мекемесинин мүдүрү тарабынан кол коюлуп, билим берүү мекемесинин гербдүү мөөрү менен бекитилип архивге өткөрүлөт.
          1. Отчеттук мезгил
          1. Окутуунун жетишүүсү, билим сапаты боюнча отчет ар бир чейректе, жарым жылдыкта жана жылдын аягында даярдалат.
          2. Ар бир класстын жетишүү ведомосту: 4-чейрек өз-өзүнчө папкада сакталат.
          1. Колдонуучунун жоопкерчилиги жана укуктары

          Укугу:

          Бардык колдонуучулар электрондук журнал менен иштөө боюнча маалыматты ала алышат.

          Жоопкерчилиги:

          1. Мугалимдер оз убагында бааларды так жана туура коюуга, окуучуларды сабака катышуусу боюнча маалыматты киргизүүгө;
          2. Класс жетекчилер окуучуларга жана алардын ата-энелерине керектүү маалыматтарды берүүгө;
          3. Бардык колдонуучулар өзүлөрүнүн кирүү реквизиттерин (логин жана сыр сөзүн пароль) сактоого (конфиденциалдуулук) жооптуу.