Жоболор
Аппеляциялык жобо
“Бекитемин”
«Кут билим» ОТКсынын мүдүрү:
Карпеков Р.Ж.________________
Жетишүү маселелери боюнча аппеляциялык комиссияга өтүнүч жана арыз түрүндө билдирүүлөр менен кайрылуу процедуралары боюнча жобо
Ї.Жалпы жоболор
1.1. «Кут билим” окуу-тарбия комплексинин жетишүү маселелери боюнча Аппеляциялык комиссияга өтүнүч жана арыз түрүндө Кыргыз республикасынын “Билим ` берүү боюнча”, “Мектептик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана уюштуруунун эрежелери” мыйзамдарынын, мектептин уставынын негизинде жүргүзүлөт.
1.2 Бул Жобо “Кут билим” окуу-тарбия комплексинин (мындан ары мектептин) билим берүү программалары боюнча чейректик-экзамендик (көчүрүү, ЖМА) бааларынын жыйынтыктары боюнча түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын комиссия тарабынан каралуу процедураларынын тартиптерин жана эрежелерин, комиссиянын ыйгарым укуктарын аныктайт;
1.3 Каралуучу арыздар жана кайрылуулар болуп мектепке учурда билим алып жаткан окуучунун өзүнүн пикиринде кайсыл бир предмет боюнча чейректик-экзамендик (көчүрүү, ЖМА) сынактарында алган баасына карата нааразылыгын же макул эместигин билдирген аргументтештирилип жазылган билдирүүлөрү саналат.
2. Аппеляциялык комиссиянын курамы:
2.1. Комиссиянын курамы мектептин директору тарабынан бекитилет;
2.2. Комиссия зарылчылыктарга карата чейректик-экзамендик (көчүрүү, ЖМА) сынактарынын учурунда түзүлөт;
2.3. Комиссиянын курамы окуу иштери боюнча директордун орун басары, метод бирикме башчыларынан (2 бирикме башчысы) турат;
2.4. Окуу иштери боюнча директордун орун басары комиссияга төрагалык кылат жана анын курамынын ичинен катчы дайындалат.
2.5. Эгер түшкөн арызга комиссиянын курамындагы адамдардын түздөн-түз тиешеси болсо (өтүлгөн предмет жана коюлган баа ага таандык болсо), ал адам комиссиянын курамынан убактылуу (учурдагы маселе боюнча) четтетилет;
3. Комиссиянын максаты жана милдеттери:
3.1. Комиссия чейректик-экзамендик жыйынтыктардагы мектептеги колдонулуп жаткан баалоо системасынын талаптарын туура колдонулуусун камсыз кылуу жана билим алуучулардын алгач бааларына карата нааразылык билдирүүсү же баалоо процедураларынын туура эмес жүргүзүлүүсүнүн натыйжасында келип чыккан башка талаштуу маселелерди чечүү максатында түзүлөт;
3.2. Комиссиянын негизги милдеттери төмөндөгүлөр саналат:
-Чейректик-экзамендик баалоо учурундагы белгиленген тартиптеги процедуралардын бузулуусунан келип чыккан маселелерди жана окуучулардын алган баасына канааттанбагандыктан жазган арыздарын кабыл алуу жана кароо;
- Мектепте колдонулган баалоо системасы жана өтүлгөн предметтин баалоо талаптары менен чейректик-экзмаендик баалоо учурундагы коюлган баанын өз ара шайкеш келүүсунө аныктама берүү;
- Каралган маселенин жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруу;
- Чыгарылган чечимди предметтик мугалимге жана окуучуга тааныштыруу
4. Арыздарды жана кайрылууларды кароо тартиби;
4.1. Арызды же кайрылууну кароо экзаменди кайра тапшыруу болуп саналбайт;
4.2. Арыздын каралуу тартиби: окуучу — класс жетекчи — метод бирикме жетекчиси — окуу иштери боюнча директордун орун басары —комиссия тартибинде жүргүзүлөт. Ал окуучу ага макул эмес болсо комиссияга түз кайрыла алат;
4.3. Окуучу чейректик-экзамендик баанын жыйынтыгына макул эмес болсо баа коюлган учурдан баштап кийинки иш күнү аяктаган мезгилге чейин кайрылышы керек;
4.4. Арыз түшкөн мезгилден баштап кийинки иш күнү аяктаган мезгилге чейин каралууга жана бул тартипти мектептин кызматкерлери жана Комиссия мүчөлөрү бекем сактоого тийиш;
4.5. Чечим добуш берүү аркылуу кабыл алынып, каршы жана макул болгондордун саны тең болуп калса төраганын добушу чечүүчү күчкө ээ болот;
4.6. Кайрылуучу тарап (окуучу) процедураны сактабаса же мектептин ички тартиптерин бузган болсо, андан сырткары чейректик-экзамендик талаптарын (мугалим тарабынан бекитилген) аткарбаса анын арызы каралбайт;
4.7. Кайрылуучу тарап арыз каралып жаткан учурда комиссиянын отурумуна катыша албайт
4.8. Чейректик баалоо же экзамен алуунун процедурасын жүргүзүү учурундагы предметтик мугалим же экзаменатор тарабынан баанын төмөндөтүлүп коюлушуна себеп болгон фактылар аныкталса Комиссия өз чечимин жана сунушун протокол түрүндө мектептин директоруна тапшырат.
4.9. Кайра тапшыруу боюнча буйрукту (комиссиянын сунушунун негизинде) мектептин директору чыгарат.
4.10. Окуучуга кайра тапшырууга уруксат берилген соң директордун буйругу менен комиссиянын катышуусунда жеке сынак уюштурулат жана анын жүрүшү боюнча протокол түзүлөт;
4.11. Кайрылуучу тарап белгиленген мөөнөттө комиссиянын чакыруусуна жана кайра тапшыруу сынагына келбесе анын арызын кароо токтотулат. Ден-соолугуна байланыштуу себептерде медициналык справка өз убагында көрсөтүлбөсө эске алынбайт;
4.12. Кайрылуучу тарап кайра тапшыруу сынагынан өтпөй калса, предметтик мугалим же экзаменатор койгон баа өзгөрүүсүз калат;
4.13. Комиссиянын отурумдары, кабыл алынган чечимдери, кайра тапшыруу сынагы боюнча протоколдор мектепте белгиленген мөөнөткө чейин сакталат.
- Педкеңештин жобосу
- Усулдук кеңштин жобосу
- Ата-энелер комитети жңөнүндө жобо
- Ички тартип эрежелеринин жобосу
- Мектептин ички көзөмөлү жөнүндө жобо
- Китепкана жөнүндө жобо
- Баа коюу тууралуу жобо
- УБнын жобосу
- Эл. журналда иштөө жобосу
- Жүрүм- турум эрежелери
- Окуучунун жүрүм-турум эрежелери
- Окуучу кодекси
- Коопсуздук эрежелер
- Сан-гигиеналык эрежелер
- Жолдо жүрүү эрежелери
- Травматизм
- Аппеляциялык жобо
- Олимпиадалык жобо