• Травматизм

        • “Бекитемин” ОТКнын мүдүрү _ Карпеков Р.Ж. 2022-жыл

           

           

           

           

           

           

           

           

           

           

          2022-2023 окуу жылына карата балдардын жаракатын (травматизм)
          кыскартууга жана алдын алууга багытталган иш-чаралардын

          ПЛАНЫ

          Максаты:

          Бала жаракатынын алдын алуу боюнча коопсуз жашоо маданиятын калыптандыруугг коопсуз билим чөйрөсүн түзүүгө багытталган, ден-соолугун сактоого, инсанга тарбия берүүгө жана өнүктүрүүгө негизделген иш алып баруунун комплекстүү системасын түзүү.

          Милдеттери:

          1. Окуучулардын ден-соолугун сактоо жана бекемдөө менен социалдык жактан коргоону камсыз кылуу;
          2. Коопсуз жашоо маданиятын, мектепте болгон учурда жана үйүнө бараткан жолдо коопсуз жүрүм-турумдун туруктуу көндүмдөрүн калыптандыруу, жоопкерчиликтүү мамилеге тарбиялоо.
          3. Жаш муундарды коопсуз жашоо, жеке физикалык жана психикалык ден-соолугун сактоо жана бекемдөө үчүн пландуу жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо.
          4. Улуу муундагы адамдарга урмат-сый көрсөтүү; пикир алышуу маданиятынын көндүмдөрүнө жана тиешелүү ченемдерге ылайык этикалык мамилелерге тарбиялоо.
          5. Балдар үчүн медициналык тейлөөнү жакшыртуу.
          6. Балдардын жаракат алуусунун алдын алуу үчүн жаңы заманбап башкаруу технологияларын пайдалануу.

          Бул маселелерди чечүү мектепте иш жүргүзүүнүн негизги багыттарынан болуп саналат:

          л

           

          1. Билим берүү мекемесинин коопсуздук тутумун түзүү жана шитөө:
          • мектеп коопсуздугун уюштуруу;
          • билим берүү мекемесинде нөөмөтчүлүктү уюштуруу;
          • мектепке бекитилген аймакты, имараттарды жана курулуштарды күн сайын текшерүү үчүн күзөтчүлөрдүн жоопкерчилигин арттыруу.
          1. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо:
          • эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды пландаштыруу;
          • коопсуздук чараларын жана коомдук-административдик көзөмөлдү ишке ашыруу;
          • мугалимдерге, окуучуларга, жумушчуларга коопсуздук эрежелерин сактоо жана эмгекти коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
          • билим берүү мекемесинин жумушчулары менен окуучулары арасындагы жаракат (травма) алууларынын себебин иликтөө.
          1. Лицейдин коопсуздук кызматтары менен биргеликте иш жүргүзүүсү:

          • мамлекеттик көзөмөлдүн көрсөтмөлөрүн ишке ашыруу.

          1. Билим берүү мекемесинде орт кооптуулугунун алдын алуу:
          • орт коопсуздук чараларын алдын алуу жана окутуу;
          • окуучуларды жана мугалимдер жамаатынын орт чыккан учурдагы иш-аракеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
          • эвакуациялоо боюнча машыгууларды өткөрүү (жылына 2 жолу);
          • ортко карты жабдууларды жакшы абалда кармоо;
          • орт коопсуздугун КӨЗӨМӨЛДӨӨ органынын жоболорун аткаруу.
          1. Жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча иш-чаралар
          • жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча иш- аракеттерди жүргүзүү;
          • жол кырсыгы болгон учурларды изилдоо жана каттоо;
          • жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча шаардык, райондук иш-чараларга катышуу;
          • ЖЖК боюнча бурчтарды уюштуруу.
          1. Коопсуздук боюнча материалдык-техникалык базаны жакшыртуу:

          • озгочо кырдаалдар болгон учурдагы коопсуздук чаралары боюнча эскертмелерди, керек болгон көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу;

          окуу-усулдук адабияттарды, көргөзмө куралдарды, жабдууларды, куралдарды сатып алуу.

          1. Балдар травматизмин алдын алуу:
          • мектепте жана ашканада нөөмөтчүлүктү уюштуруу;
          • класстан тышкаркы иштерди өткөрүүдө окуучулар тарабынан коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүү;
          • балдар травматизми боюнча класстык сааттарды, аңгемелешүүлөрдү өткөрүү;
          • медкызматкерлер менен аңгемелешүүлөрдү өткөрүү;
          1. Билим берүү жараянынын катышуучуларына коомдук жана психологиялык коопсуздукту камсыз кылуу:
          • окуучулардын физикалык жана психологиялык ден-соолугун коргоо (ден-соолук коргоочу технологиялар)
          • билим берүү жараянынын катышуучуларына социалдык кепилдик жана психологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
          • окуучулардын руханий жана психологиялык абалына диагноз жүргүзүү;
          • тобокел тобундагы окуучулардын абалын көзөмөлдөө;
          • мектептин, сабактын психологиялык климатын баалоо.

          Күтүлүүчү жыйынтык

          Бул чаралардын ишке ашуусу билим берүү мекемесинин коопсуздугун жогорулатуу менен билим берүү жараянынын бардык катышуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун сактоого өбөлгө түзөт. Эмгекти коргоо талаптарын аткарылышын көзөмөлдөйт.

          Иш-чара

          Мөөнөтү

          Жооптуу

          1

          Жадны мектептин педкенешинде мектеп окуучуларынын арасындагы травматизмдин алдын алуу боюнча ыктаярдуу топту түзүү.

          5 сентябрь

          Мектеп директору

          2

          Класс жетекчилердин усулдук биркмесинде окуучулардын арасындагы травматизмдин жана ар түрдүү кокустуктардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө билдирүүсүн угуу

          Чейректе 1 жолу

          Мектеп директору

          3

          Директор алдындагы кеңешменин күн тартибине дене тарбия мугалимдеринин окуучулар арасындагы травматизмдин жана ар түрдүү кокустуктардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерин алып чыгуу.

          Март

          Мектеп директору

           

           

          4

          “Кокустуктун түрлөрү”, “Травматиздин себептери” деген темада лекцияларды өткөрүү.

          Жылына 2 жолу

          Мед кызматкерлер

          5

          КР нын 1997-жылдын 18-декабрындагы “Өрт коопсуздугу жөнүндөгү”№858 буйругу менен тааныштыруу.

          1 чейрек

          Тарбия завучу

          6

          Ата-энелер чогулушунда балдар травматизминин жана кокустуктардын алдын алуу боюнча суроолорду талкуулоо.

          Ар дайым

          Класс жетекчилер

          7

          Окуучулар арасында травматизмдин жана кокустуктардын алдын алуу боюнча аткарылган иш- чараларды анализдөө.

          Июнь

          Мектеп директору