Жоболор

        • Жүрүм- турум эрежелери

        •  

          J*b-TA№«**Y , «йиаимо^ 5?’* , ИЭЯ*£

           

           
             

           

           

          Педагогдордун кесиптик журум-турумдарынын
          нормасы жөнүндө
          Жобо

          1. Жалпы жобо
            1. Педагогдордун кесиптик жүрүм-турумдарынын нормалары жөнүндөгү Жобо окуу- тарбия иштерин уюштурууга коюлган бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыздайт жана мектептин педагогдору, окуучулары жана ата-энелер учун түзүлгөн комфорттук шарттардын түзүлүшүн регламенттейт.
            2. Мектеп администрациясынын педагогикалык коллективге койгон талабы - билим берүү процессииде эмгектенүүгө, билим алуу шарттарын жакшыртууга багытталган.
            3. Көрсөтүлгөн кесиптик жүрүм-турум нормалары ээлеген кызматтык ордуна, окуткан предметине, эмгек стажысына карабастан, бардык педагогдор тарабынан сөзсүз түрдө аткарылышы керек.
            4. Кесиптик жүрүм-турум нормаларын сактабагандыгы үчүн педагогдорго лицейдин Уставынын негизинде дисциплинардык чара колдонуусукаралат.
          2. Кесиптик журум-турум нормалары

          Окуучулар үчүн педагог сыпайы жүрүм-турумдун, пикир алышуу же талаш- тартыш учурунда акыйкаттуу, тең, кылдат мамиленин көрсөтмө мисалы болушу керек.

          Мектептеги тартип билим берүү процессине катышкандардын адамдык касиеттерин сактоого, сыйлоого негизделет.

          Педагог окуучунун инсандык сапаттарын, анын ата-энесинин инсандык сапаттарына, жүрүм-турумуна салыштырууга укугу жок, анткени бала ата-энени тандабайт.

          Педагог окуучуга окуткан сабагын өздөштүрүүсү менен анын инсандык даражасын бирдей баалабашы керек.

          Педагог убаданы аткарууга ишенимдүү болгондо гана убада бериши керек.

          Педагог сырткы көрүнүшү менен окуучуларга тактыктын жана пунктуалдуулуктун үлгүсү болушу керек.

            1. Ар бир педагогдун жүрүм-туруму менен, жалпы мектеп жөнүндө пикир чыгаары эсте болуусу зарыл.
            2. Педагогго төмөнкүлөр боюнча тыюу коюлат:
          • окуучу жөнүндө жеке маалыматтарды, анын ата-энесинин макулдугусуз үчүнчү тарапка берүүгө;
          • окуучунун жана анын үй-булөөсү жөнүндү маалыматтарды таратууга;
          • балдары начар окуган ата-энелерди ар кандай формада басмырлоого;
          • балдары начар окуган ата-энелер менен баарлашуу учурунда, аларга оор тийүүчү сөздөрдү колдонууга;
          • Педкеңеште, кеңештерде айтылган конфиденциалдык маалыматтарды ата- энелер дин талкуусуна чыгарууга;
          • ата-энелер менен коллегаларынын жүрүш-турушун талкуулоого;
          • жеке кызыкчылыгына жетишүү үчүн окуучуларды колдонууга;
          • окуучуларга, ата-энеге, коллегага кыйкырууга, катуу сүйлөөгө;
          • окуучу, ата- эне, коллегалар менен сүйлөшүүдө нормативге туура келбеген лексиканы колдонууга;
          • окуучулардан, ата-энелерден акча -каражаттарын чогултууга (экскурсия, театр, музей жана башка билим берүү программасынан тышкаркы иштер үчүн);
          • окуучуларга акча чогултууну тапшыруга;
          • окуучуларды материалдык деңгээлине жараша бөлүүгө, айырмалоого;
          • окуучуларды бири- биринин көзүнчө сөгүүгө;
          • окуучуларды карманган динине карата ар кандай формадагы басмырлоого, сөгүүгө;
          • окуучуларга карата физикалык же психикалык жактан зомбулук көрсөтүүгө;
          • ден соолугу жактан кем балдарга карата кемсинтүүгө, басмырлоого;
          • тартипти бузган окуучуну сабактан чыгарууга (нөөмөтчү администрация мүчөсүнө табыштап берүү болот);
          • сабакта тартипти бузган, окуу куралдары толук болбогон окуучунун баасын төмөндөтүүгө;
          • жеке менчик буюмдарына кол салууга.
            1. Педагогикалык кадрларды жаңы окуу жылына карата жайгаштырууда мектеп администрациясы төмөнкү эрежелерди колдонот:
          • оор мүнөздөгү окуучулардын курамындагы класстарда тажрыйбалуу мугалимдер иштеши керек;
          • сөзсүз түрдө паритет сакталышы керек: бир класста жаш жана тажрыйбалуу мугалимдер тең болушу керек;
          • класстын мүнөзүнө жараша мугалимдер тандалышы керек;
          • мугалимдерди жайгаштырууда алардын тандоосун көңүлгө алуу ашык болбойт (айрым мугалимдер 5-7, айрымдары жогорку класстарда иштегенди тандашат);
          • класс жетекчиликти бөлүштүрүүдө тарбиялык блокко басым кылуу менен класс жетекчиге өзүнүн классында сабак берүү туура болот, жыйынтык чыгат;
          • эч качан педагогдо “мен бул классты албайм” деген сөз болбошу керек, анткени турмуштук жана кесиптик тажрыйба, кесиптик этика ар түрдүү балдар менен иштөөгө милдеттендирет;
          • эгерде педагогго класс жакпаса да, ал аларды кабыл алуусу керек;
          • кандай гана чечим кабыл алынбасын, ал чечимди талкуулоого кажет жок, ишти улантуу керек;
          • бекитилген жүктөмдү окуу жылдын ичинде бузганга болбойт, улуулардын келишпестиги үчүн окуучулар жооп береа лбайт;
          • педагогикалык кадрларды жайгаштырууда ар бир мугалимдин конкреттуу класс менен иштөөсүнүн эффективдүүлүгүн эске алуу керек.