• Окуучунун жүрүм-турум эрежелери

        • ВИЛИ1Ц

           

          “Бекитемин” С ^Кут-Билим” м- Карпеков Р.Ж.

           

           

           

           

           

          ы үчүн

           

          Кут-Билим” окуу-тарбия комплекс ИЧКИ ЖҮРҮМ-ТУРУМ Э

          (Дисциплинардык инструкц

          Линейка:

            1. мектеп традицияларын сактоо жана окуучулардын окуу күнүнө маанай түзүу максатында күн сайын 7:50 жана ошондой эле иш жумасынын акыры жума күнү сабактардан кийин линейка өткөрүлөт; линейкаларга, сабактарга жана этюттарга кечикпөө;
            2. күн сайын аба ырайынын шарттарына жараша сабактарга чейин дене тарбия мугалиминин же мектептин өзүн өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү менен физикалык көнүгүүлөр жасалат;
            3. линейкага жана физикалык көнүгүүлөргө тиешелүү тартип бузуулар (кечигүү, жүрум-турум эрежелерин бузуу) катталган учурда керектүү дисциплинардык чаралар көрүлөт (тазалык, физикалык көнүгүүлөр ж.б.);
            4. администрациядан нөөмөтчү зарыл болгон учурларда линейканын өткөрүлүшүн чектеп коёт;
            5. окуучу линейкага мектеп формасында катышууга милдеттүү, исключение биринчи сабагы дене

          тарбия болгон учурлар болуп эсептелет;

          1. - Кечигүүлөр:
            1. линейкага жана бардык сабактарга окуучуга кечигүүгө болбойт;
            2. линейкаларга, сабактарга жана этюттарга кечиккен учурлар нөөмөтчу мугалимдер жана администрация өкүлу тарабынан катталып турат;
            3. систематикалык турде линейкага жана сабакатарга кечиккен окуучулар менен тарбиялык жана түшүндүрүү иштери окуучу жана ата-энеси менен жүргүзүлөт.
          2. - Уруксааттар:
            1. окуучуга уруксаат жүйөлүү себептер менен гана берилет;
            2. толук бир күнгө же андан көп мөөнөткө окуучуну ата-энеси мүдүрдүн атына жазуу түрүндө арыз жазуу аркылуу гана мектептен алып кете алат;
            3. окуу мезгилинде сабактардан уруксаат алып кетүү учурунда ата-эне класс жетекчини кабардар кылуус тийиш.
            4. окуучу ден соолугуна байланыштуу уруксаат алган учурда аны ата-энеси же туугандары мектептен алып кетиши керек. Ата-эненин баласын мектептен алып кетүүгө шарты болбогон учурда алардын уруксааты менен класс жетекчиге билдирилип, мектептен чыгарылат;
            5. окуу мезгилинде окуучунун жатаканага кирүүсүнө тыюу салынат;
            6. окуучу уруксаатсыз окуу мезгилинде жана сбакатрдан тышкары мезгилде мектептен чыгып кете албайт;
            7. окуучу мектептен уруксаатсыз чыгып кеткен учурда анын коопсуздугуна мектекп жоопту эмес.
            8. окуучу мектептен кетүүгө уруксаат алган учурда класс жетекчисине кабар берүүгө милдеттүү.
          3. - Калтыруулар:
            1. окуучу бир жылдык окуу мөөнөтүндө себепсиз 30 (отуз) күн, себепетүү 45 (кырк беш) күн калтырган учурда, кийинки окуу жылына класстан көчүрүлбөйт, кайталап окууга мажбур болот, же педагогикалык кецешменин чеичми менен мектептен чыгарылат;
            1. куучу түшкө чейинки же түштөн кийинки сабактарга катышпаган учурда жарым күн калтырды деп катталат;
            1. ки күндөн ашык сабактарды калтырган окуучу ден соолугунун абалы жөнүндө маалымдамасы сабактарга киргизилбейт.

          5 - Окуу учурундагы эрежелер:

            1. окуучулар мугалим келгенге чейин окуу бөлмөсүндө болууга тийиш;
               
            2. окуучу тарабынан мугалимдерге жана башка мектеп персоналына көрсөтүлгөн бардык сый эмес орой мамилелер (орой сөз, үнүн көтөрүү, баш ийбөө, шылдың ж.б.) дисциплинардык тартип бузуу катары эсептелип, мектептин дисциплинардык комиссиясы тарабынан чаралар көрүлөт;
            3. сынак учурунда тиешелүү эрежелерди бузуу тартип бузуу болуп эсептелет, мугалим ар түрдүү чараларды көрүүгө укуктуу;
            4. сынакка себепсиз катышпаган учурда мугалим сынак үчүн окуучуга канааттандыраарлык эмес бааны коюуга укуктуу;
            5. окуучулар сабактар боюнча мугалимдер берген үй тапшырмаларын жана башка сабакка тиешелүү тапшырмаларды өз убагында аткарууга милдеттүү;
            6. окуучулар мектеп имаратында, окуу бөлмөлөрүндө, лабораторияларда, жатакана бөлмөлөрүндө жана башка жерлерде бардык техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого милдеттүү.
          1. - Кийим жана тышкы келбет:

          төмөнкү кийимге жана тышкы келбетке тиешелүү бирдиктүү эрежелер көздөгөн максаттар:

            1. мектептеги окуу процессиндеги дисциплинаны жана тартипти сактоо, окуу процессии эффективдүү уюштуруу, мектептеги окуу атмосферасын бекемдөө;
            2. окуучуларды тарбиялоодо маданиятты жана киймдин жалпы эстетикалык нормаларын сактоо;
            3. окуучулар арсындагы ар түрдүү социалдык, диний ж.б. теңсиздикти жоюу;
            4. окуучулар арасындагы психологиялык дискомфортту алдын алуу;
            5. “Кут-Билим” ОТКнин жалпы имиджин бекемдөө
            6. Күнүмдүк мектеп кийим формасына болгон талап:

          Мектепте жалпы кийим формасы бар (кара же сыя көк түстөгү костюм - шым, ак койнек жана кара же кочкул күрөң түстөгү классикалык туфли). Бардык окуучулар мектептин белгилеген кийм формасын кийүүгө милдеттүү;

            1. Мектеп белгилеген тышкы келбетин түзүүнүн жалпы прициптери тыкандык жана сыпайылык. тышкы келбет талаптарга жооп берип, өөн деталдарды ( М: сакал коюу, мурут жана бакенбард өстүрүү боёлгон чач, узун өстүрүлгөн жана түбүнөн кыркылган чачтар, өстүрүлгөн тырмак, көңүл айландыруучу жыпар жыттар ж.б.) жокко чыгарышы керек;
            2. дене тарбия сабагына форма: спорттук костюм, футболка, спорттук шым, спорттук бут кийим. Спорттук кийимди дене тарбия сабагына, спорттук мелдештерге жана башка мектептен тышкаркы иш чараларга гана кийүүгө болот.
            3. Кийим жана тышкы келбет эрежелерин бузган окуучулар сабактарга киргизилбейт. Кемчиликтерин жойгон учурда гана мектептин окуу-тарбия иштери боюнча мүдурдүн орун басарынын уруксааты менен гана кире алышат.
          1. - Нөөмөтчүлүк (тазалыкты сактоо):
            1. окуучулар мектептеги класс бөлмөсүн, имараттагы башка окуу бөлмөлөрүн, лабораторияларды жана жатаканадагы бөлмөлөрүн жана иш ордуларынын тазалыгын сактоого милдетүү;
            2. окуучулар түзүлгөн график боюнча класста жана жатаканда тазалык нөөмөтүн өткөрөт жана генералдык тазалыктарга катышышат.
          2. - Жалпы мектеп тазалыктары (субботник):
            1. мектептеги жалпы тазалык мектеп администрациясы белгилеген мөөнөттө жана жерлерде өткөрүлөт;
            2. жалпы тазалыкка бардык окуучулар катышууга милдеттүү;
            3. жалпы тазалыкка себепсиз катышпоо тартип бузуу болуп эсептелет.
          3. - Этюд ( оз алдынча даярдануу убактысы):
            1. мектепте жекшемби күнүнөн бейшемби күнүнө чейин ар күнү саат 19:00 - 21:00 аралыгында этюд өткөрүлөт;
            2. этюд мезгилинде класстын көзөмөлүн тарбиячы кылат. жалпы көзөмөл нөөмөтчу мугалимдер тарабынан жүргүзулөт;
            3. этюд мезгилинде бардык тартип эрежелерин сактоо талап кылынат. Кийим формасы эркин болуп, бирок этикалык норма эрежелерин бузбоого тийиш.
          4. - Жатакана:
            1. окуучулар мектепке жекшемби күнү саат 18:00 го чейин же ата-энесинин Арызынын негизинде дүйшөмбү күнү 8:00 го чейин келүүгө тийиш. Дүйшөмбү эртең менен келе турган окуучулар мектеп формасында келүүлөрү тийиш. Жатаканага кирүү саат 07:45 токтотулат;
            2. окуучу мектепке белгиленген убакытта келүүгө шарты болбой турган учурда класс жетекчисине ата-энеси телефон аркылуу кабар берүүсү тийиш;
            3. окуучулар үйлөрүнө жума күнү линейкадан кийин мектеп кароолуна карточкасын көрсөтүп кете алышат;
            4. окуучу мектепте жуманын акырында ата-энесинин уруксааты жана класс жетекчисинин макулдугу менен кала алат;
            5. окуучу акча жана башка баалуу буюмдарын тарбиячысына тапшырып жума күну кайра ала алат;
            6. окуучу чейректин жана окуу жылынын сонунда жеке буюмдарын жатаканадан алып кетүүгө же жатакана мүдүрүнүн уруксааты менен тарбиячысына тапшырып кете алат. Окуучу мектепте болбогон учурда жоголгон буюмдары үчүн мектеп администрациясы жоопкер эмес;
            7. мектеп администрациясы окуучунун жоголгон буюмдарын табууга комок корсете алат;
            8. сабактардан тышкары мезгилде 17:00 - 07:00 окуучуну ата-энеси класс жетекчи жана тарбиячысын кабардар кылып, жатакана мүдүрүнөн уруксаат сурап алып кете алат;
            9. окуучулар жеке кийим-кечелерин чейректе бир жолу үйүнөн жууп келүүгө милдеттүү.
          5. - Ашкана:
            1. окуучулар мектеп ашканасына администрация тарабынан түзүлгөн график боюнча кезек менен киришет. Нөөмөтчү болгон администрация мүчөсү класстардын кезегин өзгөртүүгө укуктуу;
            2. окуучулар мектеп ашканасына админстрация белгилеген меенеттерде гана кире алышат. Кечиккен окуучуларга тамак берилбейт;
            3. эртең мененки жана кечки тамакта тарбиячылар, түшкү тамакта нөөмөтчү мугалимдер ашканадагы тартипти кеземелдешет;
            4. окуучулар тартип эрежелерин сактап, нөөмөтчү тарбиячыларга жана мугалимдерге баш ийүүсү тийиш.
          6. - Тыюу салынгандар:
            1. башка окуучуга орой мамиле кылуу (кол көтөрүү, мушташуу);
            2. башка окуучуну тилдөө, басмырлоо жана уят сөздөрдү колдонуу;
            3. сабак убагында коридорлордо жүрүү, олуттуу себепсиз сабактан сурануу;
            4. мектеп администрациясынын уруксаатысыз ар түрдүү иш чараларды, соода-сатык иштерин жүргүзүү;
            5. мектепке алып келүүгө жана колдонуу (тамеки, спирт ичимдиктери, психотроптук заттар: насвай, клей, электрондуу сигарета (вейп), кальян, энегретикалык ичимдик ж.б.;
            6. мектепке кесүүчү каражаттарды (бычак, маки, канжар, шибеге, отвертка ж.б.) жана ден соолука зыян берүү мүмкүнчүлүгу болгон каражаттарды (кастет, костолом, дубинка, таяк ж.б.) алып келүүгө;
            7. сабак мезгилинде тамак-аш жеген жана сагыз чайноо;
            8. мектепке тыюу салынган экстремисттик, диний, саясий жана аморалдык чыгармаларды (газета, журнал, брошюра, китеп ж.б.) алып келүү;
            9. уюлдук телефондун бардык түрүн, MP3 жана MP4 плеер, планшет, акылдуу саат (смартвотч), компьютер Notebook жана башка электрондук гаджеттерди алып келүү жана колдонуу;
            10. уруксаатсыз башкалдардын буюмдарын алуу жа колдонуу;
            11. мектеп администрациясынын уруксаатысыз мектепке жана жатаканага өзүнүн тааныш, дос жана туугандарын киргизүү;
            12. мектепке (коопсуздук максатында) автоунаанын колдонуп келүү жана кетүү;
            13. сабактарга спорттук кийим жана бут кийим менен катышуу (толстовка, футболка, спорттук шым жана буткийим);

          Мектеп администрациясы коопсуздук жана эреже бузууларды алдын алуу максатында
          окуучулардын жеке буюмдарын мезгил мезгили менен
          эскертүүсүз текшерүү иштерин
          жүргүзгөнгө укуктуу.

           

           

          ИЧКИ ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЭРЕЖЕЛЕРИН ОДОНО БУЗГАН УЧУРЛАРДА МЕКТЕП ТӨЛӨМ
          АКЫ БОЮНЧА
          БОЛТОН
          ОКУУЧУНУН ЖЕҢИЛДИГИН ЖОЮП САЛУУГА ЖАНА ТӨЛӨМ
          АКЫНЫ
          КАЙТАРЫП БЕРБЕСТЕН МЕКТЕПТЕН ОКУУЧУНУ ЧЫГАРУУГА УКУКТУУ

          тел.______________

          Ата-эненин аты-жөнү:

           

          Окуучунун аты-жөнү:______________________________________________________________

          Мектеп ички жүрүм-турм эрежелери менен тааныштым жана аларды аткарууга милдеттенем. Тартип эрежелери бузулган учурда мектеп администрациясы тарабынан берилген жазаны кабыл кылам жана аткарамын.

           

           

           

           

          / _ / 20____ ж.

          (дата)

           

          (колу)