• Китепкана жөнүндө жобо

        •  

          Кыргыз-түрк балдар лицейинин китепканасы лицейдин структуралык бөлүгү болуп эсептелет жана окуу процессине жардам көрсөтөт, лицейдин кызматкерлеринин квалификациясынын жогорулашына өбөлгө түзөт.

          Китепкана өз ишинде лицейдин Уставын жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринин китепкана жөнүндөгү жоболорун жетекчиликке алат.

          Педагогикалык коллектив менен бирдикте:

          • окуучуларды окуу китептерди, көркөм, илимий-популярдуу, коомдук-саясий адабияттарды окууга тартууга;
          • окуучуларды окуу предметин ийгиликтүү өздөштүрүү максатында окууну өздөштүрүүсүнө;
          • окуучулардын таанып билүү кызыкчылыктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорулашына;
          • окуучулардын жашына, билим дещгээлине, жараша алардын тандап окуусун үйрөнөт жана багыт берет, окурмандын кызыкчылыктарынын калыптанышына;
          • китеп менен өз алдынча иштөөсүнө, китепканалык-библиографиялык сабатынын жогорулашына, окуу маданиятынын калыптанышына;
          • мугалимдерге илимий-методикалык адабияттарды тандай билүүсүнө жардам берет.
          • Педагогикалык коллективге жащы келип түшкөн китептер жөнүндө маалымат берип турат
          • 10-июнга чейин кийинки окуу жылына керектелүүчү китептерге заявка берет.
          • Эмгекти коргоо эрежелерин, техникалык коопсуздук эрежелерин сактайт.

          Укуктары:

          • Китепкана фондун колдонуу эрежелеринин сакталышына байланыштуу суроолор боюнча окуучуларга жана мугалимдерге милдеттүү аткарылуучу көрсөтмө берүүгө;
          • предметчи мугалимдерден китепти таркатуунун тизмесин талап кылууга;
          • окуучуларга китепканалык-библиографиялык билимдердин калыптандыруучу маалыматтарды берүүгө;
          • ар жылы эмгек отпускасын алууга;
          • 40 сааттык эмгек жумасы жана директор тарабынан бекитилген иш графиги боюнча иштөөгө; Жоопкерчилиги

          ички эмгек тартибин аткарбаган же толук аткарбаган учурда, директордун мыйзамдуу буйруктарын аткарбаса, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде көрсөтүлгөндөй дисциплинардык жоопко тартылат;

          • китепканачынын күнөөсү менен китеп жоголсо же сакталган китептерге зыян келтирилсе, китепканачы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин негизинде материалдык жоопко тартылат.